Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:28

ЭСКЕРҮҮ: ТҮРКОЛОГ ПРОФЕССОР АХМЕТ ТЕМИР (1912-2003)


Түркология илими жакында чоң жоготууга учурады. Түркиялык белгилүү чыгыш таануучу, профессор Ахмет Темир 92ге караган курагында каза болду.

Түркиядагы бараандуу түрколог, монгол таануучу илимпоздордун бири Ахмет Рашит уулу Йаруллин 19-апрелде дүйнөдөн кайтты. Илимде Ахмет Темир деген ысымы менен кеңири таанымал окумуштуу 1912-жылы 14-ноябрда Орусиядагы Алмет деген кыштакта бардар татар үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1926-жылы аны атасы молдо болгону үчүн советтик орто мектептен чыгарып салышкан. Ал 17 жашында Грузия аркылуу Түркияга качып келип, бул жерде саясий баш паана таап, өз билимин өркүндөткөн. 30-жылдардын экинчи жарымында ал Түркия өкмөтүнүн стипедиясын алып, Берлин университетинде окуп, доктордук ишин немис жергесинде жактаган соң, Түркияга кайтып келген. 1982-жылы ардагер болуп калганга чейин ал Анкара университетинде окутуучу жана профессор болуп иштеди. Жалпы түрк тарыхын жазуу маалында ал кыргыз тарых барактарына да кайрылган.

Окумуштуунун илимде алган орду тууралуу Татарстандагы окумуштуу, Илимдер академиясынын Тарых институтунун кызматкери Фарида Гаффарова мындай дейт:

- Ахмет ага Темиров – бүткүл дүйнөгө таанымал түрколог. Ал өз өмүрүндө 50гө жакын монография жазган. Ал – түркология адистиги боюнча профессор эле.

Гаффарова айым Ахмет Темир калтырган ири мурастын бир катары кол жазма бойдон экенин, анын топтогон мол архивдик материалы үйүндө сакталганын айтат. Ахмет ага киндик каны тамган Татарстан жергесиндеги окуяларга дайыма кызыгуу менен көңүл бурганын Гаффарова айым белгилейт:

- Мен Азмет ага Темир, башкача айтканда, Ахмет Рашит уулу Йаруллин менен 5-6 мерте учурашкан элем. Барган сайын мен аныкында болуп кетчүмүн. Биз адабият, өнөр, татар зыялылары, тарых жөнүндө, анын Германияда өткөргөн өмүрү тууралуу, туулган эл-жери жөнүндө көп курдай сүйлөштүк.

Фарида Гаффарова айым сөз арасында болочокку пландары тууралуу сурап калса, карыя тарыхчы күлгөн экен:

- Ал күлдү да, мындай деп айтты: Ата-энеси 98-99 жашка чейин жашаган экен. Ал: “эми менин дагы эң кеминде 5-6 жылдык өмүрүм бар”, – деген эле.

Ахмет Темирдин өмүр жолу Түркияда жүрүп дүйнөдөн кайткан даңазалуу башкыр окумуштуусу жана саясатчысы Ахмет Зеки Велиди Тогандын өмүрүн да кыйыр түрдө эске салат. Бирок Темир мырзаны Тоган менен теңештирүү туура болбос эле. Ахмет Темир – залкар түрколог Зеки Велиди Тогандын окуучусу, анын ишин улантуучуларынын бири жана бүгүнкү түрк илиминин заманага шайкеш өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон инсан катары эсте калат.
XS
SM
MD
LG