Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Ирандын айтымында, ал кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишкен жок


Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази 24-апрелде Тегеран шаарында Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен менен жолукканда, Тегеран кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишип жатат деген маалыматтарды төгүнгө чыгарды. АКШ жетекчилиги кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Ирактын жаңы демократиялык өкмөтүн түзүүгө сырттан эч ким кийлигишпеши керек деп айткан жана кээ бир эксперттердин пикиринде, Ирактын шийилеринин арасында кошуна Ирандын агенттери бар. Ирактын 24 миллион калкынын 60 пайызы жана кошуна Ирандын көпчүлүк мусулмандары да шийилер. Франциялык министр болсо Ирандын өзөктүк ишканалары эл аралык көзөмөлгө алынууга тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG