Бишкек, 24-апрель. Кыргызстандын туризм тармагындагы субьектилерди лицензиялоо жөнүндөгү туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин демилгеси ишкердүүлүккө тоскоол болот жана Президент Аскар Акаевдин 2002-жылдын 25-апрелинде чыгарган «Ишкердикти жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү» жардыкка кайчы келет. Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясы 24-апрелде маалымат жыйынын өторүп, ушундай билдирүү менен чыгышты. Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет өз демилгесин дүйнөлүк тажрыйбага таянуу аркылуу, көмүскө ишкердикке бөгөт коюу максатында көтөрүп чыккан. Туроператорлор ассоциациясынын өкүлдөрү мындай негиздемени жокко чыгарып, өлкөдө көмүскө ишкердикти тизгиндөөчү атайын кызматтар бар экендигин эскертишти.