Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Дүйнөдө өнөгөсүз өпкө оорусунан көз жумгандардын саны өсүүдө


Болгариянын бийликтери алардын өлкөсүндө да бул дарттын белгилери менен бир оорулуу катталганын билдиришти. Ал адам жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жугуштуу илдет жайылып бараткан кооптуу аймактардын бири атаган Канаданын Торонто шаарына барып келген экен. Бээжинден келген кабарлар боюнча, бейшембиде Кытайда жугуштуу "САРС" вирусу дагы 120 адамдан табылды, ушул эле күнү Бээжинде жана Гонконгдо кооптуу илдеттен дагы 8 киши мерт болду. Дүйнө жүзүндө өнөгөсүз өпкө дартына чалдыккандардын саны 4200дөн ашты. Кытайда дарттын мындан аркы жайылышынан чочулап, бийликтер студенттердин башкы ооруканасын, орто окуу жайларын карантинге жабышты.

XS
SM
MD
LG