Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Пхеньяндын атомдук программасына байланышкан сүйлөшүүлөр аяктады


Ага катышкан тараптар – АКШнын, Түндүк Кореянын жана Кытайдын өкүлдөрү үч күндүк консультацияларды жакшы башталыш катары белгилешкенин Пекинде өлкөнүн тышкы иштер министрлиги ырастады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Пхеньян Вашингтонго таптакыр жаңы сунуш менен кайрылды, бирок анын мазмуну тууралуу Кытайдын өкүлү эчтеме айткан жок. АКШнын Пекиндеги элчилигинин өкүлү америкалык жана түндүк кореялык делегация башчылары Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин менен өз-өзүнчө жолугушуп, сүйлөшкөнүн кабарлады. Президент Жорж Буш кечээ түндүк кореялык бийликтер кайрадан опузалоо ыкмасына өткөндүгүн айтып, Пхеньянды айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG