Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өз округдарына кетишти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 12-майга чейин округдарды кыдырышат. Регламентке ылайык ар бир айдын этегинде кайталануучу округ кыдыруунун мөөнөтү бул жолу май айынын эсебинен көбөйтүлдү. Мындай чечимге парламент келерки айдын башындагы майрамдарга байланыштуу келди. Акыркы отурумунда болсо палата «Билим» коомунун ишмердүүлүгүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү маселени талкуулап, токтом кабыл алды. Маселенин көтөрүлүшүнө «Билим» коому менен Ишкердикти коргоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ортосундагы имарат маселеси боюнча акыркы жылдардагы талаш-тартыш негиз берди. Буга чейин «Билим» коомунун карамагындагы үч кабаттуу имараттын эки кабатын аталган мамлекеттик комиссия ээлеп, «Билим» коомунун буга байланышкан талаптары аткарылбай келген. Көпчүлүк депутаттардын пикирлерине караганда, Ишкердикти коргоо боюнча мамлекеттик комиссиянын имаратты талашууга юридикалык жана моралдык укугу жок.

XS
SM
MD
LG