Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

АКШнын коргоо министри Ирактын колго түшкөн мурдагы жетекчилери баалуу маалымат берип жатышканын айтат


Доналд Рамсфелд андан тышкары Ирактагы согушта 7000ден ашуун адам туткундалганын, алардын басымдуу бөлүгү – ирактыктар, бирок арасында сириялык жана башка улуттардын өкүлдөрү да бар экенин маалымдады. "Биз абактарга көп сандагы ирактыктарды, айрым башка улуттардын өкүлдөрүн да отургуздук. Алардын арасында сириялыктар жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Туткундалгандардын жалпы саны 7000ден 7 жарым миңге чейин барат", - деди Пентагондун жетекчиси. Анын айтымында, ирактык катардагы жоокерлердин көбү камактан бошотулду, ал эми Саддам Хусейндин жакын санаалаштарынын 55 кишиден турган тизмесинен 12 адам кармалды. Алардын арасындагы Ирактын мурдагы вице-премьер-министри Тарык Азиз жана Саддамдын башкы тыңчысы Фаруд Хижази суракка алынууда.

XS
SM
MD
LG