Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Аспирантурага кеткен кайран акча


БИШКЕК. Жогорку окуу жайлар үчүн адистерди системалуу даярдоо мамлекеттин көзөмөлүнө муктаж. Бул тууралуу ушул эле конференцияда Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн адистерди даярдоо чаржайыт жүрүп, ал сапатка терс таасир этүүдө. Жаш илимпоздорду тарбиялап өстүрүүгө жогорку окуу жай жетекчилери, илимий устаттар үстүрт мамиле жасашууда. Натыйжада, мамлекеттин жумшаган каражаты өзүн актаган жери жок. Акыркы беш жылда министрликтин жана жогорку окуу жайлардын карамагындагы аспирантураларда 2300 аспирант окуса, алардын 13,2 пайызы гана илимий эмгегин жактаган. Мамлекет чыгымдаган 5,5 млн. сомдун 86 пайызга жакыны кайтарымсыз жоголгон. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларда юристтик адистикте окуп жаткан 22 миң студентке республика боюнча болгону 78 окутуучу сабак берет. Алардын ичинде илимий даражалуулар аз.

XS
SM
MD
LG