Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Эртең Бишкек шаардык сотунда көз карандысыз гезиттин апелляциялык арызы каралат


БИШКЕК. Эртең Бишкек шаардык соту «Кыргыз ордо» гезитинин апелляциялык арызын карай баштайт. Бул тууралуу бүгүн гезиттин адвокаты Ашыркул уулу Токторбек билдирди. Көз карандысыз «Кыргыз ордо» гезити январь айында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечиминен кийин жарык көрбөй калган. Гезитти былтыр Кыргызстандын бажы кызмат башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиев «Плагиат бажычы» аттуу макала үчүн сотко берип, моралдык зыяны үчүн редакциядан өз пайдасына 500 миң сом өндүрүп, гезитти жабууну сураган. Ишти караган Биринчи Май райондук соту январь айында Дүйшалиевдин пайдасына гезиттен 350 миң өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган жана аны аткаруу максатында редакциянын мүлкүн камакка алган. Натыйжада гезит жарык көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

XS
SM
MD
LG