БИШКЕК. Кыргызстандын Кант аба майданына Орусиянын аба күчтөрү июль айында жайгаштырыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын аба күчтөрүн Кантка жайгаштыруунун май айынан июлга көчүрүлүшүнө аба майданын оңдоп-түзөө иштеринин аяктай электиги себеп болууда. Андан тышкары, Кант аба майданын биргелешип пайдалануу боюнча кыргыз-орус келишимине да кол коюла элек.