Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Өкмөт жыйыны I кварталдын жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өкмөттүн кезектеги жыйыны болду. Анда ушул жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, өлкөнүн экономикасынын 2003-2004-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгы, электр энергия тармагын турукташтыруу тууралуу былтыркы токтомдун аткарылышы жана 2003-2004-жылдардагы энергетика боюнча тариф саясаты каралды. Биринчи маселе боюнча министрлер, губернаторлор берген отчетко караганда, биринчи кварталда ички дүң продукт 5,2% өстү. Буга «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнү кошпогондо, жалпы өсүш 6,3% болду. Ал эми өнөр жайынын өсүшү, «Кумтөр» алтын кенин кошпогондо, 14,9%, кошкондо 7,5% түздү. Айыл чарбасындагы өсүш болсо 2,2% болду. Инфляциянын көлөмү 2% түзүп, тамак-аштын баасы 3,7% кымбаттады. Экинчи маселе каралганда, Кыргызстан 2002-жылдын кышынан Казакстандын карызынын эсебинен жакшы чыккандыгы, быйыл абал кыйын болоору айтылып, энергетика тармагын жакшыртуу милдети алдыга коюлду.

XS
SM
MD
LG