Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

АКШ менен Жапония Өзгөндөгү кырсыктан жапа чеккендерге жардам бермек болушту


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү Өзгөн районундагы көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүш үчүн 50 миң доллар каражат бөлдү. Бул тууралуу кабар бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынды. Ал маалыматка караганда, бөлүнгөн каражат Кыргызстандагы америкалык бейөкмөт уюмдарга берилип, алар жабыр тарткандарга зарыл буюмдарды сатып алып жеткирмекчи. Жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү ниетин Жапониянын өкмөтү да билдирди. Кандай жардам өтө зарыл экенин иликтеш үчүн Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери табигый кырсыктан жабыркаган региондо болуп кайтмакчы.

XS
SM
MD
LG