Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз жана тажик чек арачыларынын жолугушуусу болду


БАТКЕН. Бүгүн Лейлек районунун Интернационал айылында өткөн бул жолугушууга Лейлек чек ара бөлүгүнүн жетекчилиги менен аталган районго чектеш жайгашкан Тажикстандын Согди облусундагы Жабар Расулов, Ганчи жана Бабажан Гафуров райондорундагы чек ара бөлүктөрүнүн башчылары катышты. Анда Кыргызстандын жайыттарына тажик жарандарынын мал багуусу, ижарага жер иштетүүсү өңдүү маселелер каралды. Ошондой эле тажик жарандары кыргыз токойлорун мыйзамсыз кыйып жатканы жөнүндө сөз болуп, мындай иштерди мыйзам негизинде гана жүргүзүү керектигин элге түшүндүрүү зарылдыгы белгиленди. Акырында тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки ушундай жолугушууга дейре жогоруда айтылган маселелерди жөнгө салууну макулдашты.

XS
SM
MD
LG