Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Кыргызстандагы табигый кырсыктардын кесепетин жоюш үчүн кеминде 50 миллион доллар керек


БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев билдирди. Анын маалыматына караганда, жер-жерлерде көчкүлөр жүрүп, азыр кеминде 1334 кожолукту башка жерге көчүрүп, турак-жай менен камсыз кылуу зарыл. Алар Ош облусунун Каракулжа, Алай, Өзгөн райондорунун аймагында жүрүп жаткан жер көчкүлөргө жакын жашаган тургундар. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 10 мектеп, 60 дамба керектен чыкты. Николай Танаевдин айтымында, үйсүз калган жарандарды жайгаштырыш үчүн өкмөт Орусиянын өкмөтүнөн 1,5 миң курама үй сурады. Ал эми кырсык кесепеттерин жоюуга багытталып, Турак-жай курулуш департаментинин эсебине түшкөн каражаттын саны 280 миң сом болду. Табигый кырсык коркунучу өлкөнүн түндүк аймагында да күчөдү. Нарын облусунун аймагындагы Бишкек-Торугарт жолунун Караүңкүр участогунун кар көчкү жаап калган жери тазаланууда. Ысыккөл облусунда жер астындагы суу көтөрүлүп, аны агызууга чара көрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG