Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кошмо Штаттары Ливияны санкциялардан сакыт кылганга эрте деп билдирди


1988-жылы Шотландиянын Локерби шаарынын үстүндө америкалык авиалайнер жарылып, анын бортундагы 270 адам набыт болгон эле. Бул ишти уюштургандарды кармап берүүдөн Ливия баш тарткан жана 1992-жылы ООНдун санкциясына кабылган. Мындан төрт жыл мурда күнөөкөрлөр кармалып, сотко берилген. Бирок санкциялардан толук сакыт болуу үчүн Ливия аталган террор үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга тийиш эле. Шаршемби күнү Ливиянын тышкы иштер министри Мохаммед Чалгам курман болгондордун ар бирине 10 миллион доллардан кун төлөп бергенге өкмөт даяр экендигин ырастаган эле. Бирок Кошмо Штаттары муну санкцияларды токтотуу үчүн жетишсиз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG