Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушусу соңуна чыкты


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин апрель айынын аягында Алматы шаарында өткөн жыйыны соңуна чыгып, тышкы иштер министри Аскар Айтматов баштаган делегация Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, Алматыда ШКУнун тышкы иштер министрлери бул уюмдун ишин тейлөөчү документтердин долбоорлорун карашты жана уюмдун 28-29-майда Москва шаарында боло турган саммитине даярдыктын жүрүшү жөнүндө пикир алмашты. Андан тышкары, министрлер ШКУнун алкагында экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн атайын программа кабыл алуу керектигин, ал эми дүйнөлүк коопсуздукту сактоодо жана Ирактагы кырдаалды жөнгөрүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун ролун бекемдөө, Ооганстанды калыбына келтирүү иштерин көңүл сыртында калтырбоо зарыл экенин белгилешкен. Жыйында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу күч алып баратканына көңүл бурулуп, аны ооздукташ үчүн көп тараптуу макулдашуу түзүү керектиги сөз болду.

XS
SM
MD
LG