Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

АКШ аскеринин чыгарылары тууралуу маалымат далилденген жок


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын «Манас» аба майданындагы «Ганси» базасынын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм башчысынын орун басары Уоррен Комер АКШнын Түркиядагы жана Сауд Аравиясындагы аскерлери гана чыгарылаарын белгилеп, «Кыргызстандан аскерлерди чыгаруу каралууда» деген маалыматты «чындыктан алыс» деп баалады. Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Болот Жанузаков да АКШнын аскерлеринин Кыргызстандан чыгарылаары жөнүндө маалыматы жок экенин билдирди. «Centran.ru» агенттиги «АКШ Кыргызстандын «Манас» аба майданындагы аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүнү караштырууда» деп кабарлады. Андагы маалыматка караганда, АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд финансылык маселелерге байланыштуу чет мамлекеттердеги америкалык аскерлердин саны 38 миңге кыскартылаарын билдирген. 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон террордук актыдан кийин, Ооганстанда антитеррордук күрөш жүргүзүш үчүн 2002-жылдын башында АКШ баштаган Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлери «Манас» аба майданына жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG