Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Ирак үч тилкеге бөлүнүп, ар бир зонага жоопкер өлкөлөр дайындалат


Вашингтондун өкүлү ырастаган маалыматтар боюнча, аталган зоналар АКШнын, Британиянын жана Польшанын жоопкерчилигине берилет. Бул ишке он өлкө тартылат жана алар атайын контингент ажыратат. Америкалык 135 миң аскер жаңы контингенттин курамына киргизилбейт. Жаңы контингентке Франция, Германия жана Россия катышпайт. Аталган үч өлкөнүн өкүлдөрү Лондондогу консультацияларга да чакырылган жок. Мындан тышкары Багдаддагы администрациянын башчысы Жей Гарнердин ордуна башка киши дайындалышы мүмкүн. Бирок бул маалыматты Пентагондун башчысы ырастаган жок.

XS
SM
MD
LG