Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Польша Ирактын түндүк бөлүгүндө жайгаштырылуучу эл аралык аскерлерди жетектээрин ырастады


Польша АКШнын Иракта тынчтыкты сактоо планына ылайык, өлкөнүн түндүк бөлүгүндө жайгаштырылуучу аскерлерди жетектээрин президент Александр Квасьневски ырастады. Маалыматтарга караганда, үч тилкеге бөлүнүүчү Иракта стабилдүүлүктү сактай турган эл аралык күчтөр ушул айдын соңунан тарта жайгаштырыла баштайт. Ирактын калган эки бөлүгүндөгү күчтөрдү АКШ менен Британия жетектемекчи. Ал эми аскерлерин жиберүүгө Болгария, Дания, Испания, Италия, Нидерландия, Украина макул болду.АКШнын президенти Жорж Буштун кечээ билдиргенине караганда,коалициялык күчтөр Ирактан химиялык же биологиялык куралдарды табаары айныксыз. Президент Ж.Буш белгилегендей, Ирак чоң өлкө жана бийликтен кулатылган Саддам Хусейндин өкмөтү массалык кыргын салуучу куралдарын бекитүү үчүн жылдарды короткон. Азырынча коалициялык күчтөр Ирактан химиялык же биологиялык куралдардын бирин да таба элек. Бүгүн Эл аралык Кызыл Чырым коому өз кызматкерлерин ирактык согуш туткундарынын баары менен жолуктуруу талабын кайра кайталап, АКШ баштаган коалициялык аскерлерди Женева конвенциясын урматтоого чакырды. Учурда коалициялык күчтөрдүн колунда 3600 дөй ирактык бар, буга чейин абактан 5700дөн ашуун туткун бошотулган.

XS
SM
MD
LG