Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

ИРАККА ДАНАКЕР ӨКМӨТ КЕРЕК


Кошмо Штаттардын Ирактагы убактылуу администрациясынын башчысы Жей Гарнер ушул айдын орто ченинде жаңы өкмөт курала тургандыгын билдирди. Эмдиги аптада Багдадга америкалык кесипкөй дипломат Пол Бремер келмекчи. Ага Ирактагы кайра куруу иштеринин саясий милдеттерин аркалоо озуйпасы табышталды. Ал эми дүйшөмбү күнү Мосулда шаардын утурумдук бийлик органдары шайланды. Күрт демократиялык партиясынын өкүлү бул окуяны жалпы Ирак үчүн өрнөк болуп калууга тийиш деп билдирди.

Жей Гарнердин сөздөрүнө караганда, өткөөл өкмөткө Ирактагы негизги партиялардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Алардан тышкары мусулман сүннүлөр менен христиандарга бирден орун берилет. Баары болуп кабинет мүчөлөрүнүн саны тогуз кишиге жетиши ыктымал. Май айы, Гарнердин айтымында, бейпилдик үчүн өбөлгө түзүүнүн чечүүчү маалы болмокчу. Алдыдагы иштер баракатчылыктын башталышы, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти кайра калыбына келтирүүнүн башаты болуп калмакчы.

Гарнердин сөзүн Вашингтондогу пресс-конференцияда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бышыктады. Ирактын жаңы өкмөтү, анын көз карашы боюнча, сүргүндө жүрүп кайткандар менен ички күчтөрдү данакерлей турган бийлик болууга тийиш. Бул жагынан ирактыктарга көмөктөшкөнү Багдадга келерки аптада америкалык кесипкөй дипломат Пол Бремер келмекчи. Ага америкалык убактылуу өкмөттүн өңчөй саясий иштерин тескегенге мандат берилди. Муну бир катар эксперттер Вашингтон администрациясында мамлекеттик катчынын позициясы кайрадан бекемделе баштаганын билдирген жышаанга жоруп жатышат. Президент Буш да тышкы саясий мекеменин бир катар милдеттерин Пентагон өзүнө ыйгарып алганын кыйытып, абалды теңдегенди эп көрдү дешет. Пол Бремер Иракта саясий процесстер менен арпалыша тургандыгын Гарнер да ырастады. Гарнер өзү болсо негизинен Ирактын коммуналдык инфраструктурасын кайра тикелөө иштерин колго алмакчы.

Дүйшөмбү күнү түндүктөгү Мосулда шаардын убактылуу кеңеши жана башчысы шайланды. Мосулдун каландыгына арап, отставкадагы генерал Шаним ал-Босо, анын найыптыгына күрт Карсо Горан коюлду. Шаар башчысынын жардамчылыгына жергиликтүү башка тайпалардын өкүлдөрү дайындалды. Күрт демократиялык партиясынын өкүлү бул окуяны жалпы Ирак үчүн өрнөк боло турган өнөгө деп атады.

Бул учурда америкалык командачылык Багдадда көрүнүктүү ирак илимпоздорунун бири Худа Салих Махди Аммаштын колго түшкөндүгүн кабарлашты. Доктор Аммаш эски режимдин тушунда Ирактын биологиялык куралын түзүүгө катышкан дешет, ушул себептен аны “Күйдүргү айым”деген ылакап атка кондурушкан. Коалициянын күчтөрү Аммаш айымдан эми Саддам Хусейндин аскерий программалары жайында данистелүү маалыматтарды алганга үмүт кылып жатышат. Азырынча Ирактан массалык кыргын салчу куралдардын дайыны табыла элек. Өткөн аптанын этегинде атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Ирактагы обьекттерди текшерүү үчүн мүмкүндүк берүүнү сурап Вашингтонго кайрылган эле. МАГАТЭнин жетекчилиги Ирактын бир катар жайларындагы радиоактивдүү материалдар талоонго түшүшү ыктымал, мындай шартта алардан бомбалардын “ыпылас” деп аталган түрүн жасоого болот деп кабатырланышат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер ырастагандай, Ирактагы атомдук, жалпы эле курал-жарактар коопсуздугун көзөмөлдөө ишинде МАГАТЭнин эксперттери кандай роль ойной турганы азырынча аныктала элек. Иштин көбү, кыязы, Иракты эл аралык санкциялардан сакыт кылуу боюнча Вашингтондун сунуштары Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде кандай чечичлет, ушуга жараша болот сыяктанат. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл аталган проблема боюнча жаңы резолюция кабыл алганы талкуулар активдүү жүрүп жатканын жана анда айрым бир жылыштар байкалганын ырастады. Коопсуздук кеңешинде, биздин көз карашыбызда, шыдыр өтө турган резолюция боюнча кандайдыр бир макулдашууга жетишүү үчүн алдыдагы бир нече күндө, ошондой эле эмдиги бир же эки аптанын ичинде консультациялар активдештирилет, деп айтты Пауэлл.

XS
SM
MD
LG