Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

ИРАКТАГЫ ЧЫНДЫКТЫ КИМ ЧАГЫЛДЫРАТ?


Ондогон жылдар бою Саддамдын бийлигинин катаал көзөмөлү алдында жашап келген Ирактын маалымат мейкиндиги азыр жаңыча жашоого бет алып турган кез. Күн өтпөй, өлкөдө жаңы гезиттер, радиостанциялар ачылууда. Анткен менен, "Азаттыктын" Багдадда жүргөн кабарчысы Замира Эшанова билдиргендей, катардагы ирактыктар алардын көбү Ирактагы окуяларды калыс чагылдырган жок деп эсептешет.

Саддам Хусейндин бийлиги тушунда Ирактын мамлекеттик телерадиосунун программалары өкмөттүн жыйындары, аскерий параддар тууралуу расмий кабарлар жана алардын арасында музыкалык берүүлөр, андан калганы чубалжыган узун киносериалдар менен толтурулчу. Эми ал мезгил артта калды, "Баас" партиясы баарын башкарып-көзөмөлдөгөн замандан бошонгон Иракта азыр улам жаңы гезиттер менен телерадиостанциялар ачылууда. Багдаддан кабарчыбыз Замира Эшанова маалымдагандай, азыркы тапта Иракта мурдагы оппозициячыл кыймылдардын бир нече гезити, коммунисттердин "Элдик жол" жана Лондондо чыгуучу "аз-Заман" аттуу басылмалар таратылууда. Телеканалдар арасынан Ирандык "ал-Аалам", Катардык "ал-Жазира", о.э. Багдаддагы аэропорттон обого чыгуучу АКШлык "Сава" радиосу популярдуу саналат.

Маалымат каражаттарынын саны күн санап көбөйүүдө, бирок катардагы ирактыктар аларда Ирактагы окуялар бурмаланып чагылдырылып жатканын айтышат. Мисалы, Багдаддагы "ал-Хамра" мейманканасынын кызматкери Валид CNN өңдүү Батыш телеканалдары эртеден кечке ирактыктар согуштан пайдаланып, ар-нерсени үйлөрүнө ташып кетип атканын көргөзө берип, бүткүл ирак элин каракчы калк катары мүнөздөп салганына терең нааразы:

- Америкалыктар бардыгын ачып, келгиле, алгыла дегендей эле кеп болбодубу. Анан дүйнөлүк маалымат каражаттары айрым ирактыктар ар нерсени алып кетип жатканын кайталап көргөзө берип, ирак элин бүт бойдон ууру кылып салышты. Эмне үчүн алар ошол маалда чиркөөгө, же мечитке барып, бомбалоодон куткарып кал деп кудайга жалынып жаткан ирактыктарды көргөзүшкөн жок?

35 жаштагы Хикмет Багдаддагы орусиялык мунай компаниясында иштейт. Ал Иракта жөнөкөй антенна менен көргөзүлчү жалгыз чет элдик телеканал – Ирандык "Ал-Аалам" каналы Америкага каршы маанайды козутуп, шийи мусулмандарынын көз караштарын коргоп жатканын белгилейт:

- Алар Иракта болуп жаткан чындыкты көрсөткөн жери жок. "Ал-Ааламды" көрүп отурган киши Америка желмогуз турбайбы, ирактыктарга эркиндикти жалгыз Иран алып келиши мүмкүн деген гана жыйынтыкка келет.

Саддамдын тушунда тыюу салынган сателлиттик антенна да азыр Багдадда күндөн күнгө жайылып баратат. Андай жабдыгы бар жаңы ирактыктардын бири Мухаммад адатта катардык "ал-Жазира", Ливандын, же Бириккен Араб Эмираттарынын улуттук телеканалдарын көрөөрүн айтат:

- Мен өз өлкөмдө жашап жаткандыктан, бул жерде эмнелер болуп жатканын билем. Анан араб телеканалдарын көрсөң, аларда ачуу чындык көргөзүлбөгөнүнө күбө болосуң. Жашообуз чындыгында күндөн күнгө начарлап баратат, бүгүн – эртеңкиге караганда кыйла дурус деп жашап калдык.

Ошентип, ирактыктардын аң-сезими үчүн идеологиялык күрөш күндөн күнгө күч алууда. Араб тилинде көргөзүлчү чет элдик телеканалдардын көбү АКШга каршы маанайда. Өз кабарчыбыз Багдаддан билдиргендей, коалициялык күчтөр бул майдандагы күрөштө азырынча уттурууда. Багддагы аэропортто жайгашкан студиядан обого чыкчу америкалык "Сава" радиосун уккандардын көбү андагы чет элдик жана арабча популярдуу ырларды жактыраарын айтышкан. Салим аттуу жигит бул радио Ирактагы улам кыйындап бараткан жашоону чагылдырган жери жок, баары жакшы деп жымсалдап гана турат деген пикирин билдирген:

- Бул радиодон чындыкты уга албайсың. "Ирактыктар, күтө тургула, жакында гуманитардык жардам аласыңар", - деп эле жоошута беришет. Канакей ал жардам? Анан дагы мектепке баргыла деп коюшат. Мектептердин жарымы талкаланып-бүлүнүп жатса.


Ондогон жылдар бою катаал мамлекеттик цензура алдында жашап келген ирактыктар азыр акыйкатчыл, бейтарап маалыматка катуу суусап турган кез. Андыктан, улам бир жаңы маалымат каражаты пайда болгон сайын эл эми ал чындыкты айтаар бекен деп күтүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG