Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

“МУНАЙ ОРДУНА АЗЫК-ТҮЛҮК” СЕБЕТИ ҮЧҮН КҮРӨШ


Соңку кезде Бириккен улуттар уюмунда (кыскартылган аталышы БУУ) өтө кызуу талкууланган маселе – Коопсуздук кеңеши 1990-жылы Иракка каршы кабыл алган экономикалык санкция болууда. Катаал чара Ирак армиясы 1990-жылдын август айында коңшулаш Кувейтке басып киргенден кийин киргизилген. 3-июнда Улуттар уюмунун “Мунай ордуна азык-түлүк” программасынын мөөнөтү узартылар алдында, АКШ соода чектөөсүн алып салуу боюнча резолюциянын долбоорун Коопсуздук кеңешине сунуш кылмакчы.

Аталган чектөө Иракка тыш өлкөлөр менен соодалашууга жана чарбалык-экономикалык келишимдерди түзүүгө тыйуу салган. Ага ылайык, өлкөнүн эл аралык аба жолдор каттамы жабылган, Ирактын тыш жактан азык-түлүк жана дары-дармектен башка товарларды сатып алуусу токтотулган.

Лекин, 1996-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши, карапайым ирактыктардын турмушун жеңилдетүү үчүн, Багдадка мунай сатып, акчасына аскерий максатта да пайдаланууга мүмкүн болгон товарлардан башка күнүмдүк тиричиликке керектүү заттарды импорттоого уруксат берет. “Мунай ордуна азык-түлүк” деп аталган бул программага жараша сатылган кара майдын акчасы Улуттар уюмунун атайын эсебине түшөт да, Иракка товар саткан өлкөлөрдүн акысын Улуттар уюму ушул эсептен төлөйт. Ал эми товарды кайсы өлкөдөн сатып аларын жана мунай сатылчу өлкөлөрдү Ирак өзү тандайт.

Мунайдан түшкөн акчанын төрттөн бирине жакыны Кувейтке жана чет элдик фирмаларга Ирак армиясынын өлкөнү кыска мөөнөттүк басып алуусу учурунда келтирген чыгымдарын төлөөгө, согушта майып болгон кувейттиктерге жардамдашуу коруна чегерилет. Программаны тейлөөчү Улуттар уюмунун кызматкерлери менен Иракта тыйуу салынган куралдарды текшерген эл аралык аскерий инспекторлордун маянасы да мунайдан түшкөн кирешенин эсебинен төлөнүп жүрөт.

Улуттар уюму көзөмөлдөгөн атайын эсепте азыр 13 миллиард доллардан көп акча бар. 19-мартта Иракта согуш башталгандан бери Багдад сыртка мунай сатпайт. Себеби Иракта жаңы келишимдерге кол койо турган жана анын аткарылышына жооп берчү өкмөт жок.

АКШ Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан кийин Улуттар уюмунун санкциясын тезинен токтотуунун жана кара майдын акчасын Улуттар уюмусуз жеке контролдоонун аракетин жасоодо.
Президент Буштун администрациясы Иракта массалык кыргын салчу куралдары бар же жок экенин Улуттар уюмунун эксперттеринин аныктап-тастыктоосуна да каршы.

“Мунай ордуна азык-түлүк” программасы 3-июнда жаңы мөөнөткө, же дагы алты айга узартылууга тийиш. Ак Үй ага чейин Коопсуздук кеңешине жаңы резолюция сунуш кылмак болууда.

Анын зарылдыгын Кошмо штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шаршемби күнү Улуттар уюмунда сүйлөгөн сөзүндө мындай деп түшүндүрдү:

- Мен резолюцияны кеңири чечмелеп бербейин. Бирок, резолюция... келечекке багытталганына сиздер ишенсеңиздер болот. Бул резолюция эл аралык коомчулукту Ирактын калкынын жашоосун жакшыртууга көмөктөшүүдө бирге аракеттентет. Ал санкцияны токтотот...

Пауэллдин айтымында, Вашингтон сунуш кылганы жаткан резолюцияда Улуттар уюмунун согуштан кийинки Ирактагы орду даана көрсөтүлөт жана аны өткөрүү үчүн америкалык дипломаттар Коопсуздук кеңешинин 14 мүчөсү менен тыгыз иштешүүдө.

Кеңештин мүчөлөрү, анын ичинде вето укугуна ээ Франция менен Россия Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүдө Улуттар уюму негизги ролду ойнош керек, “Мунай ордуна азык-түлүк программасын” БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан жетектесин жана Иракты куралсыздандырууда АКШ менен Улуттар уюму эриш аракак иштесин деген көз карашта бекем турушууда.

БУУнун өкүлү Фред Экхарддын шаршемби күнү билдиргенине караганда, Кофи Аннан Ирактагы саясый жараяндарга жетекчилик кылгандан мурда, анын вазийпасы боюнча Коопсуздук кеңешинин атайын чечими болуусун каалайт.

- (Аннан) аткарчу иштердин жобосун Кеңеш бекитиши зарыл. Жобо оболу Кеңеште талкууланышы абзел. Бул, балким, (Аннанды) дайындоо жөнүндөгү резолюция болор.

Коопсуздук кеңешинин чечимине жараша, Ирактагы кырдаалга байланыштуу “Мунай ордуна азык-түлүк” программасын убактысынча Кофи Аннан жетектөөдө. Программанын алкагында, Ройтер агенттигинин маалыматы боюнча, ирактыктардын 90 процентке жакыны күнүмдүк жашоого керектүү товарлар жана 60 проценти азык-оокат менен кошумча камсыздалат.

XS
SM
MD
LG