Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

ИНДИЯ-ПАКИСТАН МАМИЛЕЛЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Кечээ Пакистанга АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж келди. Төрт күндүн ичинде ал Пакистан, Ооганстан жана Индияда болот. Армитиж Исламабад менен Дели шаарларында эки өлкөнүн жетекчилери менен жолугуп, Индия жана Пакистан ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу маселесин талкуулайт. Америкалык дипломаттын келээринин алдында индиялык жана пакистандык жетекчилер тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо демилгелери менен чыкты.

Индия менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер акыркы жолу 2001-жылдын декабр айында үзүлгөн, анда Индиянын парламентине куралдуу кол салуу болгон. Делинин пикиринде, ал чабуулга Пакистан колдоо көрсөткөн. Бирок акыркы мезгилде абал өзгөрө баштады: 1-май күнү Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпайи өлкө парламентинде чыгып сүйлөп, Пакистан менен болгон дипломатиялык байланышты калыбына келтирүү жана Кашмир маселеси боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү керек экенин айтып чыкты.

6-май күнү Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали да атайын билдирүү жасап, Индия менен мамиле орнотууга Исламабад даяр экенин билдирди жана эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөө боюнча бир нече сунуш киргизди. "Пакистанга келип кетүүсүн суранып, Индиянын өкмөт башчысы Атал Бихари Важпайиге мен расми чакыруу жибердим. Качан келээрин ал өзүнүн иштерине ыңгайлаштырып тандап алсын. Аны менен катар, эгер зарылчылык болсо, мен да Индияга барууга даярмын",- деди Жамали.

Анткен менен индиялык кээ бир эксперттер Пакистан жетекчисинин кайрылуусун сынга да алды, анткени анда - Кашмир аймагы тууралуу эч нерсе деп айтылган эмес. Дели үчүн болсо бул маселе өтө орчундуу, анткени Кашмирде террорчулук басылбайт жана индиялык жетекчиликтин айтымында, кылмышкерлерге Пакистандын коопсуздук кызматтары жардамдашат. Сүйлөшүүлөр татаал болоору анык жана Исламбадга учуп чыгаар алдында Армитиж Вашингтон шаарында Пакистандын чалгындоо кызматынын башчысы генерал Эхсанул Хак менен да жолугуп сүйлөшкөн.

Кашмир маселеси - Индия менен Пакистан эгемендүүлүккө жеткенден тартып башталган. 1947-жылы Улуу Британиянын оторчулугу аяктаганда, мурдагы Индия колониясынын ордуна эки эгемендүү мамлекет - Индия жана Пакистан түзүлгөн, бирок негизинен мусулмандар жашаган түндүктөгү Кашмир аймагы Индиянын курамына киргизилген. Анткен менен Кашмирдин жетекчиси Хари Сингх 1948-жылы аймакты өз алдынча мамлекет кылуу демилгеси менен чыккан жана аны өзүнө кошуп алууга Пакистан аракеттенгендиктен, ал Делиден жардам сураган. Натыйжада Индия менен Пакистан ортосунда биринчи согуш башталган жана ал 1949-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кийлигишүүсү менен гана токтотулган. Кашмирдин үчтөн бир бөлүгү Пакистанга берилген, Индиянын курамында калган аймакта болсо, Кашмирдин келечеги боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлүш керек деген чечим кабыл алынган. Бирок Индия андай референдумду эмгиче өткөрө элек.

1965-жылы эки өлкө ортосунда экинчи согуш чыккан, 1971-жылы Индия менен Пакистан Кашмир үчүн үчүнчү жолу согушканда, анын натыйжасында Чыгыш Пакистан өз алдынча мамлекет болуп жарыяланып, Бангладеш өлкөсү пайда болгон. Кашмир үчүн күрөш - Индия менен Пакистан өзөктүк куралга ээ болгондон кийин ого бетер татаалданды. Индия өзүнүн биринчи өзөктүк бомбасын 1974-жылы сынаган, 1998-жылдын май айында ал катары менен бир нече өзөктүк сыноо өткөргөндө, Пакистан дагы аны улай өзүнүн өзөктүк бомбаларын сынады.

Азыркы сүйлөшүүлөр канчалык татаал боло турганын - чек арадагы кырдаал эле көрсөтөт. Эки өлкө жетекчилери тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо демилгесин көтөрүп жатканда, үстүбүздөгү аптанын башында Кашмирдеги чек арада кагылышуу болуп, индиялык артиллерия бир пакистандык автобусту бомбалап салды. Анын ичиндеги алты адам курман болуп, дагы тогуз киши жарат алды. Ошол эле учурда, Пакистан парламентинин 13 депутаттан турган өкүлчүлүгү 8-май күнү Дели шаарына келип, индиялык депутаттар менен сүйлөшүү баштады.
XS
SM
MD
LG