Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

ТАШКЕН АПТАБЫ, КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА, КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ


Оштогу эл аралык экономикалык форум, Ташкендеги Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкынын жыйыны, Конституция күнү, кирип келген Жеңиш майрамы, өлкөдөгү саясий-экономикалык урунт окуялар кыргыз басылмаларында кеңири чагылдырылды.

6-майда Борбор Азия Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин экинчи бизнес-форумуна президент А.Акаев катышып сөз сүйлөгөнүн бейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити жазды. Жыйын ачылышына катышкан мамлекет башчысы түштөн кийин Өзгөн районундагы Куршаб айылына баргандыгын, ал жерде табигый кырсыктан жапа чеккен Сөгөт айылынын тургундарына бөлүнгөн жер, курулуш иштери менен таанышып, кечке жуук Бишкекке кайтып келгени маалымдалат. 4-майда президент А.Акаев Ташкенге барып, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банк башкаруучуларынын жылдык жыйынында сөз сүйлөп, бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүп кайтканын Абибилла Пазылов “Ташкен аптабы” очеркинде баяндайт. Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри А.Айтматов “Өзбек Республикасынын чек ара, бажы жана башка кызматтарынын айрым өкүлдөрүнүн республикабыздын тургундарына карата жасап жаткан мамилелери бизди тынчсыздандырууда, бир катар проблемаларды пайда кылууда”, деп билдирди. Министрдин айтымында, учурда чек ара проблемаларын жөнгө салуу боюнча атайын меморандум даярдалууда. Мындан тышкары, Ошто Өзбекстандын, Анжиянда Кыргызстандын консулдук өкүлчүлүктөрү ачылмакчы.

Конституция күнү тууралуу пикирин сурап, бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити бир топ инсандарга кайрылган. Жооп узаткандардын дээрлик баары Кыргызстандын Башмыйзамы улам-улам оңдоло бергенинен улам ага анчалык ишене беришпестигин, 5-майды майрам деп эсептебей тургандыктарын билдиришкен. Басылмада кыргызстандыктардын тамак-аш себети кандай экенин талдоого алган материалга орун берилген. «Керектөө бюджети Баткен облусунда төмөн, ал болгону 1142 сомду түзөт, Бишкекте ал 1631 сом. Аялдардын 60%, эмчектеги балдардын 50% аз кандуу», деп маалымдайт гезит.

Өзгөндүн Сөгөт айылынын тургундары ссуда алыш үчүн район борборуна көп катташканы, берилчү акчанын кыйласын «шапкеге» таштагысы келбеген тургундар жардамсыз калганы Замира Кожобаеванын «8 эле үй-бүлө ссуда алган» аттуу макаласында баяндалат. Материал «Агым» гезитинин жума күнкү санында жарыяланмакчы. Жер көчкүдөн качып жаңы жерге отурукташкандардын үй салчу жерлеринин алдынан суу чыгат, Кемпирабад суу сактагычынын залалынан Өзгөндүн бир кыйла жерлери зыян тартып келатат. Анын үстүнө жаңы айылдын жашоочулары үлүшкө тийген жерлерин иштетиш үчүн 18 чакырым жол жүрүшү керек. Басылманын жаңы санында бейөкмөт уюм лидери Төлөкан Исмаилованын «Бийлик кылган ишине жооп берчү мезгил чукулдап баратат» деген аталыштагы маеги жарыяланмакчы. Т.Исмаилованын пикиринде, азыркы президенттин иммунитетке ишенбей эле койгону оң. «Азыр дүйнө күн сайын өзгөрүп атпайбы», дейт ал. Гезитте Жеңиш майрамына арналган материалдарга арбын орун берилген.

Бишкек шаарындагы акчалууларды тейлеген сауналардын тең жарымы салык төлөшпөстүгүн, башкалаанын салыкчылары аларды таап ачыкка чыгаруу ишине киришкенин бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалым кылды. Жөнжай пенде мамлекеттик органды сотто утуп алган фактылар көп болгону менен, соттун чечимин ишке ашыруу мүмкүн болбой атканы Артем Петровдун «Өндүрүп алыш кыйын, калсын!» деген макаласында баяндалган.

«Аалам» гезитинин саясий баяндамачысы Нургазы Анаркуловдун маалыматына караганда, басылманын жаңы санында парламенттин мыйзам чыгаруу иши, президенттикке талапкер болчу ишмер, Ош облусунун губернатору Накен Касиев тууралуу макалалар жарыяланмакчы. Гезитте Агахан фонду, билим берүү, социалдык коргоо тармактарына жумшалып аткан миллиондогон долларларды алар кайдан алып атканы жөнүндө материал да жарыяланмакчы.
XS
SM
MD
LG