Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Батыш Европа, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү өнөгөсүз өпкө оорусуна каршы чараларды күчөтүштү


Бул оорудан азыр 500дөн ашык киши каза болду. Оору 7 миңден ашык кишиге жуккандыгы кабарланды. Россиянын саламаттык сактоо министрлиги Благовещенск шаарында ооруканага жаткырылган адамдын канынан оорунун вирусу чыккандыгын билдирди. Россиянын өкмөтү Кытай чек арасындагы айрым өтмөлүктөрдү жабууну буйурду. Жүргүнчүлөрдү текшере турган медициналык жабдуулары жок өтмөлүктөрдүн баары жабылды. Ал эми Италиянын өкмөтү болсо Европа Союзунун чек арасында жүргүнчүлөрдү текшерүүнү күчөттү. Өнөгөсүз өпкө оорусунун тарашына бөгөт койуу үчүн өлкө Шенген келишминен убактылуу чыга турганын билдирди. Грециянын өкмөтү оорудан эң катуу жабыр тарткан Кытай менен Түштүк Чыгыш Азиялык конокторго мейманканаларда орун калтырбоону сунуш кылды. Грециянын аэропортторунда ооруларды рентген сүрөтүнө тартуу уюштурулууда. Кыргызстан менен Тажикстан жарандардын Кытайга катоосуна чектөө койушту.

XS
SM
MD
LG