Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

ЭРДИК ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ


Кыргызстандык спортчулар Атамекендик согуш учурунда далай каармандык, нечен эрдик көрсөтүшкөн. Спортто үйрөнгөн даярдыктары согуштагы кыйынчылыктарды, ачкачылыкты жеңүүгө жана душман менен тайманбай күрөшүүгө өбөлгө болгон. Кыргызстандык жоокерлердин эрдиктери жөнүндө жазылган фактылар аз эмес. Ошондой эле Бишкекте ар жыл сайын 9-май күнү Атамекендик согуштун баатыры Самат Садыковду эскерүүгө арналган Лейлек күрөшү боюнча мелдеш өткөрүү салтка айланып калды.

Атамекендик согушта баатырдык көрсөткөн Чолпонбай Түлөбердиев дагы спортко шыктуу жигит болгон. Ал Дон дайрасынын аркы өйүзүнө сүзүп өтүп, аркы жээкте жайгашкан душмандын ДЗОТунун жамгырдай жааган огун көкүрөгү менен тосуп, жолдошторуна жол ачкан. Чолпонбай Тулөбердиев курман болгондон кийин ага «Атамекендик согуштун баатыры» деген наам ыйгарылган.

Кыргызстандагы авиамодель спортунун жеңүүчүсү, Фрунзе аэроклубунун мүчөсү Талгат Бегелдинов согуш учурунда «Ил» самолетунда 320 жолу аба мейкиндигиндеги кармашууга чыккан. Ал фашисттердин 7 самолетун атып түшүрүп, көп сандаган танкаларын, согуштук обьектилерин талкалаган. Кыргызстандык авиаспортчу Талгат Бегелдиновдун эрдиги жогору бааланып, Атамекендик согуштун эки жолку баатыры болгон.

Москваны коргогон 28 баатыр–панфиловчулардын да аскердик-спорттук даярдыгы мыкты эле. Алардын катарында кыргыз жигити Дүйшөнкүл Шопоков жана бишкектик Иван Добробабин да бар болчу. Алар Москвага кирип келаткан фашисттерди Дубосеково кесилишинде каршы алып, душмандын 54 танкасы менен 4 саат салгылашкан. Өздөрүнүн каарман эрдиги менен алар Волоколамск шоссесинде гитлерчилердин мизин кайтарып, баатырларча курман болушкан.

Кыргызстандын сууда сүзүүдөгү рекордчусу Михаил Бабкин учкучтар мектебинен билим алып, 192 ирет аба мейкиндигине учуп, душмандын 85 автомашинасын, 10 транспортерун, 5 замбирегин, аэродромдогу 7 самолетун жок кылган. Кыргызстандагы ДОСААФ уюмун көп жыл жетектеген Атамекендик согуштун эки жолку баатыры Калыйнур Үсөнбаев Караколдогу педагогикалык окуу жайында окуп жүргөндө спорт менен машыгып, разрядчы аталган. Согуш учурундагы, деги эле жашоо-турмушундагы спорт, дене тарбиясынын мааниси жөнүндө Атамекендик согуштун Баатыры, генерал Дайыр Асанов мындай деди:

- Эгерде спорттук даярдыгыбыз, ден соолугубуз чың болбогондо кандуу согушта чүнчүп, катаал күндөрдө мүңкүрөп калмакпыз. Жашымдан тоо-ташта чуркап жүргөнүм, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасай билгеним жардам берди. 4 жылга созулган согуш биздин эркибизди майтара албады. Миңдеген километр аралыкты жөө басып, талаа-түзгө жатып-конуп, жамгырдай жааган окту аралап жүрдүк. Согуштан кийин да ден соолукту чыңдап, эртең менен чуркап, спорт менен машыгап жүрдүм.

«Атамекендик согуштун баатыры» деген наамга арзыган кыргызстандык ат спортунун чебери М. Меркулов да чек ара кызматында каармандык көрсөткөн. Балтика деңизинин жээгиндеги согушта каза болгон кыргызстандык М. Чупаев менен М. Мукашев да «Динамо» спорт коомунун мүчөлөрү эле.

Согуш учурунда дагы бир катар ишкана-мекемелер кыргыз жергесине көчүрүлүп келген. П. Лесгафт атындагы Ленин жана Кызыл Туу ордендүү дене тарбия институту да 1942- жылы Бишкекке көчүп келген эле. Бул белгилүү окуу жайынын келиши дене тарбия менен спорттун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон.

Ошол согуш учурунда Кыргызстанда 5 облустук, 32 райондук жана 8 шаардык спорт комитеттери уюштурулган. Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган белгилүү оор атлеттер Александр Божко менен Владимир Пушкарев бул спорттун жайылышына салым кошкон.

1943-жылы Алматыда 1944-жылы Ташкенде өткөн Орто Азия жана Казакстан республикаларынын спартакиадаларында кыргызстандык спортчулар да ийгиликтерге жетишкен.

Бишкекте Атамекендик согуштун баатыры Самат Садыковду эскерүүгө арналган Лейлек күрөшү боюнча мелдешти ар жыл сайын 9-майда өткөрүү салтка айланып калды. 5 жылдан бери баш байгеге «Москвич» үлгүсүндөгү жеңил машина коюлуп келет. Бул мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан, ал түгүл Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан мыкты балбандар келишип, күч сынашып жүрөт. Лейлек күрөшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө мелдештин башкы калысы Аваз Азизбаев мындай дейт:

- Бул күрөштүн башкалардан негизги өзгөчөлүгү - буттан алууга, чалууга болбойт. Бел курдан колду чыгарбай, атаандашын жерден так көтөрүп, жамбашка салып же башынан ашыра ыргытып жеңиш керек. Лейлек күрөшүн кеңири жайылтыш үчүн атайын федерация да түздүк. Быйылкы мелдештин баш байгеси - «Жигули» үлгүсүндөгү жеңил машина жана баалуу сыйлыктар.

Быйылкы Лейлек күрөшүнө 200дөн ашуун балбан келишип, күч сынашуулары дале бүтө элек. Бул күндү лейлектиктер чыныгы майрамга айландырып, ыр-күү жаңырып, балбандарды сүрөөнгө алышууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG