Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

«Оберон» базарында жардыруу уюштурган деп шектелген адамдар кармалды


БИШКЕК. Өткөн жылы 27-декабрда Бишкектеги «Оберон» базарындагы жардырууну жасагандар деп шектелип Бишкекте эки жаран кармалды. Алар Өзбекстан ислам кыймылына мүчө Кыргызстан жарандары. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын башчысы Макен Турдугулов билдирди. Анын айтымында, кармалгандар 8-майда Ош шаарындагы акча алмашуучу жайдагы жардырууга да катышы бар деп шектелүүдө. Оштогу жардыруудан бир киши набыт болгон. Террордук актыларды жасагандардын өнөктөштөрү изделүүдө. Өткөн жылдын аягында «Оберон» базарындагы жардыруудан 7 адам каза болуп, 20дан ашуун киши ар кандай деңгээлдеги жараат алып ооруканага жаткырылган.
Ички иштер министринин биринчи орунбасары Расулберди Раимбердиев 12-майда Ош шаарында 8-майдагы жардыруу боюнча маалымат жыйынынын өткөрүп, жардырууга тиешеси бар деп шектелип 6 киши кармалганын жана алардын эларалык экстремисттик уюмдарга катышы бардыгы далилденгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG