Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

РУМЫН ПАРЛАМЕНТАРИЙЛЕРИ САЯСАТТЫ ТАНДАЙБЫ ЖЕ АКЧАНЫН АРТЫНАН КЕТЕБИ?


Румыния парламентинин 150дөн ашык мүчөсү менчик ишканасы же депутаттык кызматына удаа кайсы бир фирмаларда кеңешчи-консультант жана башка ушул сыяктуу акы төлөнчү жумуштары бар экенин мойнуна алышты. Жаңыдан күчүнө кирген коррупцияга каршы мыйзамга ылайык, депутаттар жеке ишкердүүлүктөн баш тартышы же болбосо саясый ишмердүүлүктөн кетиши шарт. Румынияда кеңири жайылган коррупцияны ооздуктоого багытталган жаңы заң Батыш өлкөлөрүнүн кысымы астында кабыл алынган эле.

Марттын соңку күндөрү кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзамдар тутуму күчүнө киргенден бир нече күн өтпөстөн, парламент мүчөлөрүнүн дээрлик үчтөн бири-152 адам башка кызмат орундарынан маяна алышканын же менчик ишканалары бар экенин коомчулук алдында ырасташты.
“Эки акырдан жем жеген” 87 депутат экс-коммунисттик башкаруучу Социал-демократтык партиянын мүчөлөрү.
Минтип “таламдардын таймашына” туш болгон депутаттар 60 күндүн ичинде саясатта каларын же бизнеске кетерин айтабыз деп жатышат.

Мамлекеттик мекемелерде иштеген кызмат адамдары 12-майга чейин негизги жумушунан башка жактардагы киреше булактары жөнүндө маалымат бериши шарт.

Парламентарийлер менен чиновниктердин заманасын куурулуткан мыйзамдар тутуму Кошмо штаттары менен Евросоюздун “румын бийликтери коррупцияны тыйуу үчүн чечкиндүү чара көрбөсө, өлкөнүн 2007-жылы ЕСке өтүү тилеги таш кабат” деген дембе-дем эскертүүсүнөн улам кабыл алынган.

Еврокомиссиянын Бухарестеги делегациясынын башчысы Жонатан Шииле антикоррупциялык чараларда кемчилиги болсо да, туура багыттагы иш жасалды деген пикирде.

- Бул өтө маанилүү жылыш экени талашсыз. Мыйзамдын ар бир бөлүгү сыяктуу эле иш чаралары да жакшыртылууга тийиш. Эгер алар ишке ашырылса, жагдай жакшы жакка өзгөрөрү анык.

Transparency International (кыскача IT) уюмунун изилдөөсү ЕСке талапкер өлкөлөрдүн ичинен Румынияда коррупция бардык деңгээлде кеңири жайылып кеткенин көрсөткөн. Майда барат чиновниктер менен өкмөттүк жогорку кызматтагы адамдардын “чоң кекиртектиги”, чет элдик ишкерлер менен талдоочулардын айтымында, өлкөгө инвестиция салууга катуу жолтоо болууда.

Уюмдун Түштүк Чыгыш Европа кеңсесинин башчысы Сара Моранте айымдын айтымында, Румыниянын азыркы өкмөтү 2001-жылы бийликке келгенден эле паракорлукка, мамлекеттик жумуштарды тааныш-билиш жана “кол акыга бүткөрүүгө” каршы чечкиндүү күрөшө турганын ачык жарыялаган. Өкмөт өлкөнүн саясый аброюна шек келтирген илдеттин тамырын курутуу үчүн ITнин Бухарестеги бөлүмүн жана эки-үч бейөкмөттүк уюмду чогуу кызматташууга чакырган.

- Ошентип, алар чакырууга оң жооп берип, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өкмөт түзгөн борбордук топко киришкен. Өкмөт сунушту өзү иштеп чыккан коррупция менен күрөшүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча алардын көз карашын билүү үчүн жасаган.

Ошондо да, Моранте айым мыйзамдарды талкуулоого жетерлик убакыт берилбегендиктен, аларда оркойгон кемчиликтери бар дейт.
Сынчылардын айтышынча, депутаттарга, министрлерге жана башка ырасмий адамдарга өз бизнес кызыкчылыктарын тууган-уруктарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү чоң жаңылыштык саналат.
"Academia Catavencu" жумалыгын редактору Корнел Иванчуктун билдиргенине караганда, мыйзамдагы жылчыктан биринчи кезекте өкмөттүк жогорку кызматтагы адамдар пайдаланууда.

- Marshall Travel Agency фирмасынын көпчүлүккө белгилүү ээси, маданият министринин орун басары Ион Антонеску ишкананы уулуна өткөрүп берди. Бул амалкөйлүк. Ал жумушту өзү жүргүзүп жатканын биз билебиз.

Антикоррупциялык заңда кемчиликтери болсо да, анын алгачкы натыйжалары бар.
Жаңы мыйзам ЕС менен сүйлөшүүлөрдөгү делегациясынын башчысы Василие Пушкашты Румыниянын илимдер академиясы алдындагы Саясый изилдөөлөр жана эл аралык байланыштар институтунун директорлугунан кетүүгө аргасыз кылды.
Парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Валер Дорнияндын билдиришинче, премьер-министр Адриан Настасе мыйзамды бузбоо үчүн жогорку кызматтагы эки чиновникти кызматтан кетирүүгө макулдук берген.

XS
SM
MD
LG