Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Алматыда Каспий боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат


Каспийди жээктеген өлкөлөр сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасын дүйшөмбү күнү башташты. Орусия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ирандын өкүлдөрү үч күнгө созулуучу сүйлөшүүлөрдө мунайга бай Каспий деңизинин укуктук статусу жөнүндөгү конвенциянын долбоорун талкуулашат. Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Абусеитовдун билдиргенине караганда, Орусия, Казакстан жана Азербайжан документтин долбоорун макулдашты. Аталган үч өлкө буга чейин бири-бири менен Каспийдеги чек ара сызыктарын аныктаган ич ара келишимдерге да кол коюшкан. Ал эми Ирандын өкүлү Мехти Сафаринин билдиргенине караганда, Тегеран Каспий беш өлкөгө бирдей 20%дан бөлүнүшүн көздөөдө. Ал эми Орусия, Казакстан, Азербайжандын сунушуна ылайык, Каспий ар бир өлкөнүн жээгинин узундугуна жараша бөлүнсө, Ирандын үлүшүнө деңиздин 13% эле туура келет.

XS
SM
MD
LG