Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Кызыл чырым комитети билим берүү программаларын турмушка ашырат


БИШКЕК. Эл аралык кызыл чырым комитети Кыргызстанда билим берүү багытындагы бир катар программаларды ишке ашыра баштайт. Бул тууралуу шейшемби күнкү маалымат жыйынында Кызыл чырым комитетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү Пьер Андре Коно билдирди. Маалыматка караганда, программанын алкагында өлкөдөгү орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында эл аралык гуманитардык укук багытында сабак берилип, семинарлар өткөрүлөт . Кызыл чырым комитети программанын алкагында орто мектептердин 10-класстары үчүн «Гуманизм аркылуу тынчтыкка» деген аталыш менен 78 миңден ашуун нускада китеп чыгарды. Билим берүү жана маданият министринин биринчи орун басары Турсунбек Бекболотовдун айтымында, Кызыл чырым комитетинин китеби орто жана жогорку окуу жайларында окулуучу «Адам жана коом» сабагына мыкты кошумча боло алат. Пьер Андре Кононун айтымында Кызыл чырым комитети учурда Кыргызстанда жана Тажикстанда калкты өзбек бийлитери эки өлкө менен болгон чекарасына койгон миналардан сактанууну үйрөтүүдө.

XS
SM
MD
LG