Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Бишкектеги автожолдордун абалы өкмөттүк саатта каралат


БИШКЕК. Бишкектин автожолдорунун абалы келерки жумада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкмөттүк саатында каралат. Мындай чечим палатанын транспорт, кен иштетүү жана курулуш иштери боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Жыйында айтылган маалыматка караганда, буга жолдорду ремонттоонун начар абалы жана ремонттоого Азия Өнүктүрүү Банкы бөлгөн 16 миллион долларды сарптоо маселеси негиз берет. Анткени, Бишкектин жолдору талапка ылайык асфальт менен 11-13 сантиметр эмес, 4 сантиметр гана жабылгандыктан, былтыр гана ремонттолгон Совет, Манас, Ахунбаев көчөлөрүндөгү жолдор кайра бузула баштаган. Андан тышкары, «Жал» кичирайонуна кетчү жолду ремонттоого каралган 70 миллион сомдун 13 миллион сому гана бөлүнүп, 7 миллион сомдук гана иш аткарылган.

XS
SM
MD
LG