Казакстандын парламенти жерди жеке менчикке сатуу маселеси боюнча 16-майга белгиленген талкууну дүйшөмбү күнгө калтырды. Премьер-министр Имангали Тасмагамбетов парламентке бул маселе боюнча өкмөттүк долбоорду тапшырган, бирок парламент тарабынан башка да долбоор даярдалган жана ал экөөндө - жерди саткандан келип түшкөн акча кайсы фондко топтолоору, сатылган жердин өлчөмүнө чек коюу жана аны канча мөөнөткө сатса болот деген маселелер боюнча айырмачылыктар бар.