Түркиянын чалгындоо кызматы 16-майда кабарлаганга караганда, "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын түркиялык бөлүмүнүн жетекчиси Узайир Йылдыз камакка алынды. Дүйшөмбү күнү түрк полициясы - уюмдун токсонго жакын мүчөсүнүн үйлөрүн тинтип чыккан. "Хизб-ут-Тахрир" - Азия өлкөлөрүндө тынчтык ыкмалары менен бирдиктүү ислам халифатын түзүүгө аракеттенет жана анын уюмдары Жакынкы Чыгышта, Борбор Азия мамлекеттеринде жана Азербайжанда бар.