Батыш маалымат каражаттарынын кабарлаганына караганда, Израил өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүп келген Палестинанын негизги өкүлү Саеб Эрекат бүгүн кызматтан чегингендиги тууралуу жарыялады. Жакында Палестина автономиясынын премьер-министри болуп дайындалган Махмуд Аббас анын жарыясы тууралуу бир апта ойлонуп көрүүгө убакыт алды. Бирок Эрекат өзү жарыяланган кабарларды тастыктоодон баш тартууда. 17-май күнү Аббас менен Израил өкмөтүнүн башчысы Ариель Шарон ортосунда жолугушуу болууга тийиш.