Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Жалалабад окуясы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт


БИШКЕК. Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтарынын курал-жарактарын тоноп кеткен адамдардын акыркы бирөө кармала элек. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков билдирди. Анын айтымында, бул окуя милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам келип чыккан жана бул иш боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт. 15-майда Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтарына таандык 19 автомат, 9 тапанча, 1 пулемет, 4 кыл мерген мылтык тонолгон. Бул иш боюнча сегиз адамдын жетөө Аксы районунун жана Ташкөмүр шаарынын аймагынан кармалышкан.

XS
SM
MD
LG