Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

ЧҮЙ БООРУНДАГЫ ТАЖИКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАРДЫН ТУРМУШУ


Мирзохалим Каримов, Бишкек Москва районунун Беловодск айылында 300 үй-бүлөгө жакын тажикстандык кыргыздар жергиликтүү башка улуттар менен ынтымакташып жашап жатышат. Алардын абалы, көйгөйлүү маселелери тууралуу билиш үчүн биз ошол этникалык кыргыздардын аксакалдарынын бири Саймидин Омотовду сөзгө тарттык.

Тарыхый мекенине Тажикстандан качкын болуп келген этникалык кыргыздардын жергиликтүү эл менен ынтымакташып жашап кетиши - олуттуу маселелердин бири. Тилекке каршы, өз кезинде ага тиешелүү көңүл бурулбай, иш жүргүзүлбөй келаткан айрым айылдарда этникалык кыргыздар менен башка улуттардын ортосунда өз ара пикир келишпестиктер болуп калып жүрөт. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында жыш отурукташып жашап жаткан мына ошол кыргыздардын аксакалдарынын бири Саймидин Омотовго ушул жана башка маселелерге байланыштуу айрым суроолор менен кайрылдык.

- Сиздер отурукташкан Беловодск айылында канча тажикстандык үй-бүлө бар жана алар жергиликтүү эл менен кандай мамиледе жашап жатышат?

- Тажикстанда болуп өткөн окуяларга байланыштуу биздин жердештерибиз 1992-жылдан баштап тарыхый мекени болуп саналган Кыргызстандын Чүй, Ош, Талас, Жалалабад, Ысыккөл жана Баткен облустарына көчүп келе башташты. Ошолордун катарында биз Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск, Садовой жана Петровка айылдарында 283 тажикстандык үй-бүлө жашап жатабыз. Лейлек, Чоңалай жана Ноокат райондорунан көчүп келген кыргыз туугандар менен биригип, өзүнчө калың эл болуп калдык. Москва районунун мамлекеттик акимчилигинин башчысы Эркинтур Молдогазиев жана башка жетекчилер биздин элге жакшы көңүл буруп, түрдүү маселелер боюнча жардам берип турушат. Жергиликтүү эл болсо «силер Атамекениңерди эми таптыңар, Чүй өрөөнү баарыңарга жетет, жакшы жашагыла» деп, баалуу кеңештерин айтып жүрүшөт. Азыр жергиликтүү эл менен куда-сөөк болуп, кыз берип, кыз алгандарыбыз да бар арабызда. Тажикстандан жана өлкөнүн түштүгүнөн көчүп келгендер негизинен жер менен иштешет. Ошондуктан алардын турмуш-тиричилиги күндөн-күнгө жакшырып баратат. Тажикстандан келген 283 үй-бүлө чогулуп, Карымшаков Салайдин деген аксакалыбызды өзүбүзгө элбашы кылып шайлап алганбыз. Ошол киши бизди жетектейт. Кандай гана иш болбосун, аны менен кеңешип аткарабыз. 1999-жылдын 6-августунда Москва райондук акимчилигинин башчысы Эркинтур Молдогазиевдин буйругу менен райондун аймагынан 2 гектар жер мусулмандарга мүрзө үчүн атайын ажыратылып берилди. Бул үчүн элибиз абдан ыраазы. 12-май күнү ошол мүрзөнүн айланасын тосуш үчүн тажикстандыктардан 70, лейлектиктерден 50, чоңалайлыктардан 11, ноокаттыктардан 3 киши, айтор бардыгы болуп 134 адам эртеден кечке ишембилик өткөрдүк. Бул күнү ортого 6700 сом акча да жыйналды. Ал акчаны ошол мүрзөдө жаткан боордошторубуздун сөөгү аяк асты болбосун үчүн айланасын тосуш үчүн пайдаланабыз. Мындай мааракелерди туулуп-өскөн жерибизде кандай өткөрүп келген болсок, бул жерде деле дал ошондой өткөрүп жатабыз.

- Той-тамашаларды, башка мааракелерди кандай өткөрөсүздөр?

- Кыргыз элинин түрдүү мааракелери тээ «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашынан» бери жогорку деңгээлде өтүп келгени маалым. Ошол салтты туу тутуп, Тажикстанда жашап жүргөнүбүздө да кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын ата-бабаларыбыз кандай сактап келген болсо, биз дагы алардын салтын улап келгенбиз. Чүй бооруна келгенден кийин деле той-тамашаларыбыз жана башка мааракелер ошондой эле өтүп жатат. Мындай мааракелер үчүн эл акча чогултуп, идиш-аяк, самоор, чайнек-пиялага чейин сатып алып койгон. Алар бир гана жерде сакталат. Кимдин кандай мааракеси болсо, ошол жерден алып барып пайдаланат да, кайра өз ордуна жууп-тазалап коёт. Ал эми бирөө-жарым дүйнөдөн кайтса, шайлап алган башчыбыздын жетекчилиги менен баарыбыз чогулуп, маркумдун сөөгүн топуракка тапшырабыз.

- «Васильевка жана Жаңыжер айылдарындагы жергиликтүү айрым улуттар менен кандайдыр пикир келишпестиктер болду» деген кабарлар басма сөз беттерине жарыяланды. Бул окуялардын себеби эмнеде?

- Эми «беш манжа бирдей эмес» деген кеп бар элде. Кыргызстанда азыр 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат экен. Ар бир улуттун арасында жакшысы да, жаманы да болот, албетте. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегени акыйкат сөз. Элден укканыма караганда, өткөндө Васильевка айылында, ага чейин Жаңыжер айылында тажикстандыктар менен айрым жергиликтүү улуттардын ортосунда нааразылык болуптур. Чынын айтсам, мен бул жерде Тажикстандан көчүп келген жердештеримди актайын деген пикирден алысмын. Азыркы доордо бир туугандай болуп, ынтымактуу жашаганга не жетсин. Ошону үчүн мен өзүмдүн бардык жердештеримди жана ошондой эле алар менен ар кайсы айылдарда чогуу отурукташкан башка туугандарыбызды ынтымактуулукка, достошуп жашоого чакыраар элем.
XS
SM
MD
LG