Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ЖӨӨТ – ПАЛЕСТИН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ЖАРЫЛУУЛАР МЕНЕН КОШТОЛДУ


Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон палестин жанкечтилеринин соңку террордук чабуулдарына байланыштуу АКШга белгиленген иш сапарын токтотту. Мунун алдында эле Израил жана Палестин жетекчилеринин акыркы эки жарым жылдан ашуун убакыттан берки алгачкы сүйлөшүүлөрү өткөн эле. Анда А.Шарон жөөт өкмөтү "Жол картасы" планын азыркы түрүндө колдобосун билдирген.

Израилдин жана Палестинанын өкмөт башчылары Ариэль Шарон менен Махмуд Аббастын Иерусалимдеги сүйлөшүүлөрүндө олуттуу деле жыйынтык болгон жок. Айрым баяндамачылар сүйлөшүүлөрдүн өткөнү анын негизги жыйынтыгы экенин белгилешүүдө. Себеби Израилдин жана Палестинанын жогорку жетекчилеринин көзмө-көз сүйлөшүүлөрү соңку үч жылга жакын убакыттан бери алгачкы жолу өтүп олтурат. Буга чейин Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Барак менен палестин лидери Ясир Арафат акыркы ирэт 2000-жылдын 26-сентябрында жолуккан экен. Жөөтөр менен палестиндердин ортосундагы азыркы чатактын учугу ошондон көп өтпөй башталган. Израилдин азыркы премьер-министри Ариэль Шарондун өкмөтү Палестин автономиясынын башчысы Ясир Арафатты террорчулукту колдогону үчүн айыптап, аны менен сүйлөшүү столуна олтуруудан баш тарткан эле. Ушундан улам эл аралык коомчулуктун кысымы астында Я.Арафат автономияда премьер-министрдин кызматы киргизилишине көнүп, өткөн айдын соңунда өкмөт башчылыгына мурда анын орун басары болуп иштеп келген Махмуд Аббас бекитилген болчу. Эми Израил менен өтүүчү сүйлөшүүлөргө палестин тараптан премьер-министр жетекчилик кылмакчы.

Ариэль Шарон жана Махмуд Аббас алгачкы жолугушуусунда Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча төртилик топ: АКШ, Европа Биримдиги, БУУ жана Орусия тарабынан сунуш кылынган "Жол картасы" тынчтык планы боюнча пикир алышып, аны аткарууга киришүү маселесин талкуулашты. Планда 2005-жылы көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү каралган. Бирок ага жетүү багытындагы кадамдарды ким биринчи жасаш керек деген маселеде тараптардын көз караштары мурдагыдай эле кайчы чыгууда. Алсак Израил тарап палестин жетекчилиги алды менен планда көргөзүлгөн милдеттеме катары террорчулардын аракетин толук тыйышы керек деп эсептейт. Ушундан соң гана эки тараптуу алакада кандайдыр бир ийгилик болушу мүмкүн. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон жакында эле төмөнкүлөрдү айткан:

- Саясий жараянда ийгиликке жетүүнүн ачкычы –палестиндердин террорчулукка каршы,террорду алдын алуу үчүн реалдуу чараларды камтыган чыныгы күрөшү.

Израил "Жол картасы" планында алар макул болбогон шарттар бар экенин мурда эле жашырган эмес. Премьер-министрлердин алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсүнөн соң палестин тарап сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаганын белгилөө менен жөөт өкмөт башчысы "Жол картасы" тынчтык планынын талаптарын толугу менен кабыл алуудан баш тартканына көңүл бурду. А.Шарондун кеңешиси Дор Голд Би-Би-Сиге берген маегинде жөөт өкмөт башчысы "Жол картасы" планын азыркы формасында колдобосун ырастады. Палестин тарап сүйлөшүүлөрдө Израилди планды кабыл алууга чакырган. Палестин өкүлү Майкл Таразинин айтымында, бир эле учурда Израил да "Жол картасы" планы боюнча милдеттемелерин аткара баштабаса, палестин жетекчилиги алардын талаптарын орундата албайт. Маселен, Израил соңку эки жылдан ашуун убакыттын ичинде палестин аймактарында курулган жөөт кыштактары менен көзмөл бекеттерин жоюуга моюн сунбай жатат.

Айтор, Палестина менен Израил ишембинин түнүндөгү сүйлөшүүлөрүн жөөт премьер-министри Вашингтонго барып келгенден кийин улантуу жөнүндөгү макулдашуу менен гана аяктаган. А.Шарон менен АКШнын президенти Ж.Буштун сүйлөшүүлөрү шейшемби күнгө белгенген болчу. Алар "Жол картасы" планын талкууламак. Бирок, жөөт премьери палестин жанкечтилеринин соңку террордук чабуулдарынан улам АКШга белгиленген визитин токтотту. Жекшемби күнү эртең менен Иерусалим шаарында жанкечти жүргүнчү ташуучу автобуста жасаган жардыруудан кеминде жети адам өлүп, ондон ашык киши жаракат алды. Мындан көп өтпөй эле Иерусалимдин башка бир жеринен дагы бир жанкечти өзүн жардырып жиберген. Бирок, анда эч ким жабыр тарткан жок. Ал эми премьер-министрлердин сүйлөшүүсү алдында Хеврон шаарында болгон жардыруудан эки жөөт жараны мерт болгон эле. Палестин жетекчилиги жанкечтилердин чабуулдарын айыптады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG