Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Казакстандын парламенти бүгүн өкмөткө ишеним көрсөтүүнү добушка коет


Премьер-министр Имангали Тасмагамбетов жерге жеке менчик киргизүү боюнча мыйзамды парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында колго салууну талап кылган. Эгер өкмөт ишеним добушун ала албаса, президент Назарбаев парламентти таркатып жибериши мүмкүн. Эгер өкмөт ишенимге ээ болсо, парламент Тасмагамбетовдун өкмөтү сунуш эткен мыйзам долбоорун жактырууга тийиш болот.
Өкмөт менен парламент иштеп чыккан жерди менчиктештирүү мыйзамынын долбоорлору жер сатуудан түшкөн каражатты өкмөттүк атайын фондго жиберүү, ар бир адамга бериле турган жердин көлөмү жана айыл-чарбасында колдонулган жерлерди жеке менчикке өткөрүүнүн мөөнөтү боюнча айырмаланат.

XS
SM
MD
LG