Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Индонезиянын Ачех провинциясында согуштук абал киргизилди


Ачех сеператисттери менен сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктагандан кийин, Индонезиянын өкмөтү аталган провинцияда алты айга согуштук абал жарыялады.
Швейцариялык арачылардын Индонезия өкмөтүн Эркин Ачех кыймылы менен элдештирүүгө аракетинен майнап чыккан жок. Жапаниядагы жыйындан кийин арачылар тараптардын мунасага келе алышпаганын билдиришти. Индонезиянын өкмөтү Ачех сеператисттерин согушту токтотумуш болуп, курал жыйнап жатат деп айыптап, Эркин Ачех кыймылы көз карандысыздык мүнөөсүнөн баш тартпаса, согуш чыгып кетээрин эскерткен.

XS
SM
MD
LG