Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

ПРООНдун жетекчиси Бишкекке келет


БИШКЕК. 23-майда Бишкекке Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жетекчиси, БУУнун башкы катчысынын орунбасары Марк Маллок Браун расмий иш сапары менен келет. ПРООНдун Бишкектеги кеңсесинен 19-майда алынган маалыматка караганда, Марк Браун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышуу жана мындан аркы долбоорлорунун багытын тактоо максаты менен келет. Ал визит учурунда бул маселелерди президент Аскар Акаев,тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Жогорку Кеңештин кош палатасынын спикерлери Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев менен жолугушууда талкуулайт. Марк Браун 24-25-май күндөрү өлкөнүн түштүк аймагында болуп, ал жерде ишке ашырылган программалар менен таанышат.

XS
SM
MD
LG