Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

ЕККУ ТӨРАГАСЫНЫН БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНДА


Европа коопсуздук жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУ) төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Мартти Ахтисаари 18-19-майда Кыргызстанда болуп, Президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү жана жарандык коомдордун лидерлери менен жолугушту. Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы маселеси ал жолугушуулардын өзөгүн түздү.

Европа коопсуздук жана кызматташтыгы уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Мартти Ахтисаари Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге караганда жакшы деп эсептейт. 19-майда жарандык коомдун өкүлдөрү менен ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинде жолугушууда Мартти Ахтисаари кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын лидерлерине жана оппозициялык маанайдагы саясатчыларга «Кыргызстанда жашаганды каалабасаңар анда кайсы мамлекетте жашаганды каалайт элеңер? Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстанга караганда Кыргызстанда адам укуктары жакшы эле сакталып жатпайбы!?» дегендей оюн ачыкка чыгарган. Жолугушуудан чыккандан кийин «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун президенти Төлөйкан Исмаилова ЕККУнун бийик даражалуу өкүлүнүн мындай позициясына таңгалганын жашырган жок:

- Бул киши да айтып жатат да региондогу башка мамлекеттерден айырмаланып, Кыргызстан өзүнүн жакшынакай өңүн көрсөтүп жатат деп. Эгерде силер Кыргызстанда жашаганды каалабасаңар, анда кайсы мамлекетте жашаганда каалайт элеңер деген суроосун биз жакшы түшүнбөй калдык. Бирок, биз Кыргызстан жетишкен азыркы деңгээл акыркы чек эмес дедик.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, жолугушуу маалында Аксыдан Бишкекке келип, ачкачылык жарыялап отурган жарандар тууралуу да сөз козголду. ЕККУ өкүлү аксылыктарды бирөөлөр атайын Бишкекке алып келип жатабы дегендей күмөн оюн ортого салган:

- Тыштан келген эксперттер таңгалып бул аксылыктарды бирөөлөр атайлап Бишкекке алып келип жатабы деп суроо беришти. Мен аларга «силер таңгалбагыла, себеби, аксылыктар түпкүрдөгү аймакта жашашса да Конституция, эларалык конвенцияларды жакшы билген аябай акылдуу адамдар болот» дедим. Анан аларга «мыйзам былтыр 17-18-мартта бузулуп, алардын балдарын атып салышкан, ошол маселе мыйзам чегинде чечилбей, күнөөлүүлөр өз жазасын албай жатат» дедим. ЕККУнун өкүлү да бул маселени чечүү үчүн болгон аракеттерибизди жасайбыз деди.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Мартти Ахтисаариге кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев өз кызмат абалынан пайдаланып, «Моя столица-новости» газетасын жана Михаил Корсунский өңдөнгөн эркин көз караштагы жарандарды миллиондогон сомдук айып менен сотко берип жатканын да айтышкан. Бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин пикиринде, Николай Танаевдин сотко берүүгө кыныгып алышы бийликтин коом алдындагы кадырына көлөкө түшүрүп, кыргыз демократиясынын өнүп-өсүшүнө тоскоол болот.

Адам укуктарынынын абалын жакшыртуу боюнча өкмөт кандай иштерди жасап жатканы тууралуу сөз Мартти Ахтисааринин ушул эле 19-майдагы биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен болгон жолугушуусунун өзөгүн түздү. Курманбек Осмонов кыргыз президенти «Кыргызстан адам укуктарын урматтаган өлкө» деген улуттук идеяны жарыялаганын, аны турмушка ашыруу максатында Конституцияга өзгөртүүлөр кирип, адам укуктарын коргоо боюнча 2010-жылга чейинки программа иштелип чыкканын айтты. Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун киргизилгени да Кыргызстандын адам укуктарына олуттуу көңүл буруп жатканынын айкын бир далили. Курманбек Осмоновдун сөзүнө караганда, акыйкат башкаруучулардын улуттук кеңешинин түзүлгөнү Кыргызстанды демократиялаштыруудагы олуттуу кадам болуп калды.

- Акыйкат башкаруучулардын улуттук кеңешинин негизги милдеттеринин бири – коомдогу чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу болуп эсептелет. Анын дагы бир милдети Демократиялык кодексти түзүү, - деди Курманбек Осмонов.

Аны менен жолугушуудан чыккандан кийин Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Мартти Ахтисаари журналисттерге кыска маек курду. Ахтисааринин айтымында, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын жакшыртуу максатында ЕККУ мыйзамдарга өзгөртүү-түзөтүлөрдү киргизүү жаатында көмөктөшүп жатат.

- Адам укуктары боюнча маселени саясий жана укуктук реформалардан бөлүп кароого болбойт. Дүйнөнүн кайсы гана бурчунан болбосун адамдарга «сиз өкмөттөн эмнени күтөсүз?» деген суроо узатсаңыз алар «соттордогу жана күч органдарындагы адамга адамча акыйкат мамиле жасоону» деп жооп беришет. ЕККУ кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан күч органдарын реформалоо иштерине да көмөк көрсөтөт, - деди Мартти Ахтисаари.

19-майда Венада өткөн ЕККУ жыйынында Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоо боюнча 7 долбоорго ЕККУ 3 миллион 820 миң евро бөлүү боюнча чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG