Кечээ күнү Бельгияда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Алдын ала алынган маалымат боюнча, Бельгиянын учурдагы премьер-министри Ги Верхофстадт башында болгон Либералдык жана Социалисттик партиялардын коалициясы жеңишке жетишти; анын 90 өкүлү депутат болуп шайланды. Парламентте 150 депутаттык орун бар. Аталган өлкөнүн баш мыйзамына ылайык паламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен топ эми жаңы өкмөттүн курамын түзөт.