Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Түркиянын түштүгүндөгү Мерсин шаарында 2-май күнү Түркиянын Ван өрөөнүн жердеген ооган кыргыздарынын маданий апталыгы ачылды. Жаңыл Жусубжан апталыктын катышуучулары менен телефондон байланышып, маркум Рахманкул хандын уулдары – сүрөтчү Маликти, иниси айкелчи (скульптор) Акбарды жана Рахманкул ханга тууган комузчу Салыйды сөзгө тартты.

Жаңыл Жусубжан: Aкбар аке, силер Мерсин шаарында Түркиядагы памирлик кыргыздардын маданий апталыгын өткөрүп жатыпсыңар. Апталык кандай өтүп жатат, анда кандай иш-чаралар каралган?


Акбар: Көрсөтмөбүз жакшы өтүп жатат. Ал кыргыздардын тиричилигине, кыргыз тарыхына арналган. Мен айкелчимин, менин акем Малик – сүрөтчү. Мен жыгачтан, таштан айкел чегем. Алып келген айкелдерибиз жыгачтан. Бул көбүнчө памирлик кыргыздардын тарыхын, Памирден көчүшүн, Түркиядагы жашообузду (чагылдырат). Карылардын, балдардын, жаштардын айкелдери бар.

Жаңыл Жусубжан: Сиз Ван шаарында университетте сабак бересиз. Түркиядагы кыргыздардын арасында сиздин жолду жолдогон жаштар барбы?

Акбар: Бар, азыр чыгып жатат. Биздин үйрөнчүгүбүз бар, сүрөтчү, азыр көргөзмө ачып жатат.

Жаңыл Жусубжан: Сиз кандайча айкелчи болуп калдыңыз?

Акбар: Менин атам Рахманкул хан сүрөт тартат эле. Кичик чагыбызда биз да ошонун жанында отуруп, сүрөт жасайт элек. Таштан, жыгачтан оюп, айкел жасап, өзүбүздөн өзүбүз үйрөнөт элек. Кийин Ооганстандын башкенти Кабулда көрсөтмө ачтык. Бизге Ооганстандын өкмөтү жардам кылды, Американын Маданий борборунда иштеп, курстан өттүк.

Жаңыл Жусубжан: Август айында Бишкекте кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайы өткөнү жатат. Курултайга көргөзмөңүздү алып барганга мүмкүнчүлүк барбы, же ал тууралуу ойлоно элексиздерби?


Акбар: Ону ойлонгонбуз. Түркиядагы Кыргызстандын бүйүк элчилигине баш урганбыз (кайрылганбыз). Ванда Кыргызстандан келген Сулайман деген профессор бар. Ошол киши баш урду биздин атыбыздан, жардам кылабыз дешкен, биз ошону карап турабыз. Ошол жакшы болот эле. Биз мурун да Кыргызстандын элчилигине, башкаларга айтканбыз, биз дүйнөнүн көп жерлеринде көрсөтмө ачтык, Алманияда (Германия), Пакистанда, Хиндустанда, көп жерде болдук, (бирок) өзүбүздүн жерибиз болгон Кыргзыстанда көрсөтмө ача албадык деп капа болобуз. Жардамдар болсо, барабыз деп турабыз.

Салый Санжакташ: Мен да ушул Вандагы Улуупамир айлында жашаймын. Кичигимен комуз чертет элем, Памирдин күүлөрүн. Көргөзмөгө чогуу келип, келип-кеткендерге комуз чертип жүрөм.

Жаңыл Жусубжан: Бүгүн апталыктын чегинде кыргыз даамынын жана маданиятынын кечеси болот экен. Келгендерди бешбармак менен коноктогону жатыпсыңар. Кечеде кандай чыгармаларды аткарасыз?

Салый: Биздин өзүбүздүн, Памирдин күүлөрү, ырлары дегендей. Мисалы үчүн чалма күү, Хан Шырдактын Боз жоргону ойнойм.

Жаңыл Жусубжан: Силердин кандай сүйүктүү ырларыңар бар?

Салый: Менин өзүмдүк чыгармам жок, ошол Памирдеги ырдап келген ырлардан. Мисалы:

Ак кайың жатат ээй оодалып,
Ажырап кеттиң Памырга
Мен аркаңдан барам эй соодалып

Көк кайың жатат иий оодалып
Көрүшпөй кеттиң иий Памырга
Мен көргөнү барам иий соодалып.


Жаңыл Жусубжан: Салый, жаш экенсиңер, комузду кимден үйрөндүңөр?

Салый: Памирдеги комузчалар бар, ошолордон үйрөнгөм. Айдар деген бар эле, Токтобай деген бар эле.

Жаңыл Жусубжан: Силер маркум Рахманкул ханга кандайча тууган болосуңар?

Салый: Биз, памирликтер - баарыбыз эле (бир-бирибизге) тууганбыз. Маркум Рахманкул хандын тейит уруусунан болом. Кыз алганбыз, кыз бергенбиз дегендей. Мисал үчүн, менин энем -- Рахманкул хандын инисинин кызы болот, Акбар, Малик -- менин тагаларым болот.

Жаңыл Жусубжан: Силердин Түркиядагы айылда ыр кошкон, комузда ойногон жаштар көппү?

Салый: Жаштардан жок, бирок илгертен Памирден ырдап келгендер бар, комуз черткендер бар. Жаштар (көбүнчө) түрк музыкасын тыңшайт, комуз ойнобойт, бирок кыргыз ырларын тыңшайт, комуз черткендерди тыңшайт.


Жаңыл Жусубжан: 31 жаштагы Салый - англис тилинин мугалими. Айлында окуу куралы тартыш экен, Мерсиндеги көргөзмөнүн маалында шаар тургундары ага англис тилинде китеп жыйнап беришти. Памирлик кыргыздардын апталыгы Мерсинде жергиликтүү радио, телевидение, гезит-журналдарда кеңири чагылдырылып жатат. Апталыктын сүрөөнчүсү жана уюштуруучусу, германиялык кыргыз таануучу Гундула Салктын айтымында, жалпы улуттук ТРТ сынгысынан да келип кетишти. Апталыкта Гундула Салк 10-май күнү Памир, Тянь-Шань тоолорундагы оозеки чыгармачылык боюнча сүрөт көрсөтүп, дарс окуду.

Малик: Биздин тарыхтарыбызды, мурунку өткөн көчтөрүбүздү сүрөткө салганбыз, ошону алып келдик. Мен кара калем менен да тартам, мында алып келгендерибиз суу боек менен тартылган. Апталыкта кыргыздардын кол өнөрчүлүгү да көрсөтүлдү. Торболорду, оймо салынган шырдактарды алып келгенбиз.

Мерсиндеги апталыктын күн тартиби:

2-май – сүрөт жана айкел көргөзмөсүнүн ачылышы, коктейль
3-май – сүрөткерлер менен жолугушуу
4-май – оогандык казактардын айлына экскурсия
5-май – Памир кыргыздарынын кол эмгектеринин көргөзмөсүнүн ачылышы
7-май – Кыргыз даамы жана музыкасы
10-май – Гундула Салк: Жибек жолундагы ооз эки чыгармачылык, Памир жана Тянь-Шань (лекция)

Памир кыргыздары тууралуу жалпы маалымат:

Памир кыргыздарынын 1 миң чактысы Кабулдагы марксисттик төңкөрүшкө удаа 1978-жылы Ооганстандан качып, Пакистан аркылуу Түркияга келишкен. Улуу тоолордон түшүп келатканда бир топ малын сууга агызып, кийин Пакистанда кайнаган ысыкта ондогон киши каза болгон. Кыргыздарды бул өлкөдөн 1982-жылы Бириккен Улуттар уюмунун жардамы менен Анкара өкмөтү алып кетип, Анадолунун чыгышында, күрдүлөр басымдуулук кылган Ван өрөөнүнө жайгаштырган. Өкмөт айыл куруп берип, бир топ жылдары материалдык жардам көрсөтүп турган. Жайыт жер тартыш болгондуктан, Вандагы Улуупамир айлында памирлик кыргыздар тери иштетүүгө, килем токууга ык алышкан. Жаштардын бир катары Түркиянын ири шаарларында окуп, иштеп жүрүшөт. Ванда кыргыздардын тукуму өсүп, азыр 2300гө жетип калды. Түрк тилинин жана маданиятынын таасири улам өсүп баратканы менен, Памирден берки салт-санаалар сакталып калган, айрыкча аксакалдардын кадыр-баркы күчтүү. Башка элдерге аралашпай, Түркиядагы кыргыздардын арасында гана кыз алып, кыз бергенге далалаттанышат. Түркиянын коомчулугу менен жуурулушуп кетелек, турмуш деңгээли начар. Кыргызстандын өкмөтү да жарылытуу колдоо көрсөтө алган жок.

Сүрөттөрдү тарткан Жаштегин Тургунбаев (Адана, Tүркия)


Жаңыл Жусубжан, Прага.



ТУРКИЯЛЫК КЫРГЫЗДАРДАН ДУБАЙ САЛАМ

Памирлик кыргыздарды изилдеген Профессор Назиф Шахранинин эмгектери(англис тилинде)

НАЗИФ ШАХРАНИ: ООГАНДЫК КЫРГЫЗДАРДЫН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ КӨП
XS
SM
MD
LG