Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

АКШ ООНго РЕЗОЛЮЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУН СУНУШ КЫЛДЫ


АКШ жана анын союздаштары дүйшөмбү күнү ООНдун коопсуздук кеңешине Ирак боюнча резолюциянын жаңыланган долбоорун сунуш кылышты. Вашингтондун туруктуу өкүлү Жон Негропонте документтин өзгөртүлгөн варианты ушул жуманын ичинде колго салынып, колдоого алынарына ишенич билдирди. Жаңы кошумчалар менен толукталган долбоордо коопсуздук кеңешинин бир катар мүчөлөрү, айрыкча Франция, Россия жана Германия сунуш кылган пикирлер эске алынган.

Долбоорго кошумча иретинде бир нече пункт киргизилген. Баарыдан мурда Багдадга ООНдун атайын өкүлүн жөнөтүү сунуш кылынган, ал америкалык администрация менен бирге Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүгө катышат. Мындан тышкары эл аралык инспекторлордун мандаты узартылат, бирок бул Иракта инспекция иши дароо кайра башталат дегенди билдирбейт. Бул кошумчаны Кошмо Штаттардын өкүлү Жон Негропонте Иракта легитимдүү жаңы бийлик органдарын түзүүдө, гуманитардык иштерде жана башка көптөгөн чөйрөлөрдө ООНго маанилүү роль ойногонго мүмкүндүк берген механизм катары баалады.

Экинчи бир кошумча пунктта коалициянын аскерлери Иракта жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кала турганы айтылат. Мурдагы долбоордо Кошмо Штаттары менен алардын союздаштарына Иракты бир жыл башкарганга укук берүү, андан соң коалициялык контингенттин мөөнөтү дагы узартуу сунуш кылынган эле. Буга катарлаш документтин авторлору ООНдун мунайга азык-түлүк айырбаштоо программасын төрт айдын ичинде токтотуу талабын коюшкан болчу. Жаңыланган вариантта аталган программа эми дагы жарым жыл күчүндө калат. Ал эми Ирактын тышкы карыздарына байланышкан маселелерди Париж клубунун прициптерине ылайык чечүү сунуш кылынган.

Долбоорго киргизилген кошумчаларды комментариялап, Негропонте документтин авторлору – АКШ, Британия жана Испания – өткөн аптадагы консультациялардын жүрүшүндө айтылган бардык камтамачылыктарды эске алышкандыгын ырастады. Жаңы документти, Негропонтенин ишениминде, коопсуздук кеңешинде шыдыр колго салып, шыр эле кабыл алганга болот. Россиянын ООНдогу өкүлү Сергей Лавров документтин жаңы вариантын жалпысынан жакшы баалады. Бирок коопсуздук кеңешиндеги калган өлкөлөр, айрыкча Франция жана Кытай азырынча долбоорго кошумчаланган жаңы пункттар менен таанышып, аларды талдап жатышат. Жалпы талкуулар шейшемби күнү түштөн кийин башталды, байкоочулар талаш-таңаштар апта соңуна чейин созулушу ыктымал деп болжолдошот.

Бир катар байкоочулар резолюциянын долбоорундагы жаңы пункттарды Ирактагы иштерге активдүү катышканга ООНго жол ачат деп эсептешет. Ошол эле учурда ООН өлкөнүн тагдырын аныктоого кантсе да толук кемелде кийлигише албайт. Вашингтон менен Лондон согуштан кийинки Иракты башкаруунун негизги механизмдерин өз колунда кармап калгысы келет. Ирак мунайынын соода-сатыгынан түшкөн кирешенин сарпталышын көзөмөлдөө үчүн коалиция эл аралык кеңешчи орган түзүүнү, ага дүйнөлүк банк менен эл аралык валюта фондусун катыштырууну каалап жатат. Аталган органдын мүчөлүгүнө ООНдун баш катчысы Кофи Ананн кириши ыктымал.

Иракка каршы киргизилген санкциялар алынса же убактылуу токтотулса,соңку он үч жыл аралыгында бүлүнүп, абдан жабыркаган бул өлкөдөгү инфраструктураны кайра тикелегенге кеңири жол ачылмак. Ушу тапта Ирак, мисалы, алдыңкы үлгүдөгү өндүрүштүк технологияларды жана жарак-жабдыктарды сатып алалбайт. Мунай жана башка чөйрөлөрдө кеңири масштабдуу соода-сатык кылганга да укугу жок. Мунун баары өлкөдөгү экономикалык кырдаалды кыйындатып, калктын абалын оорлотуп жатат. Ошол себептен Вашингтон менен Лондон Иракты эл аралык санкциялардан сакыт кылуу жагдайды акырындап жакшыртканга,анын аркасында өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылганга шарт түзөт эле деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG