Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

ЕККУнун азыркы төрагасынын Борбордук Азиядагы өкүлү Марти Ахтисаари Ошто болду


ОШ. Ал адегенде Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин кабыл алуусунда болуп, облустагы саясий, идеологиялык, социалдык-экономикалык маселелер тууралуу кеңири маалымат алды. ЕККУнун өкүлү айрыкча мамлекеттик бийлик органдары менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы мамилелерге, кошуна мамлекеттер менен болгон чек ара катнаш тартиптерине, баңгизаттарга байланыштуу проблемаларга кызыкты. Ушундай эле темадагы сүйлөшүүлөр Мартти Ахтисааринин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, андан кийин жергиликтүү журналисттер менен болгон жолугушууларында да улантылды. Журналисттердин айрымдары өзбек тилиндеги массалык маалымат каражаттарына көбүрөөк кыйынчылык келээрин, учурда телерадиостанциялардын толкун жыштыктарынан орун алышына байланыштуу проблемалар бар экендигин айтышты.

XS
SM
MD
LG