Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКСТИ КАБЫЛ АЛУУГА ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДЕГИ КЫРГЫЗДАР КОЛ КАБЫШ КЫЛЫШАБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Мамлекет башчысы Аскар Акаев 15-майда «”Кыргызстан - адам укуктарынын өлкөсү” аттуу улуттук идеяны жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык атайын иш-чаралардын планы жактырылып, анын аткарылышына көзөмөл кылуу биринчи вице-премьер-министрге жүктөлдү. Каралган иш-чаралар 2003-жылдан 2010-жылга чейин аткарылаары аныкталды. Айрым аналитиктер аны алысты көздөгөн дагы бир амал катары карашууда.

Кыргызстанды «адам укугун сыйлаган өлкөгө» айландыруу идеясы Аксы окуясынан кийин жаралган. Тартип коргоо кызматкерлеринин ок атуусунан 5 адам каза болуп, 28 киши ар кандай жарат алып, өлкөдө саясый оор кырдаал түзүлгөн учурда адам укугу маселеси алдыңкы планга чыккан эле. Ал кезде Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү өз жазасын тартаары ачык айтылып, кийинчерээк Каракөл шаарында бийлик менен нааразы болгон элдин ортосунда меморандум кабыл алынган. Ошентип бир жыл мурда көтөрүлгөн маселени ишке ашыруу аракети жаңыдан башталып, атайын иш-чаралардын тизмеси 20-майда маалымат каражаттарына басылды. Ал боюнча 4 аталыштагы иш-чаралар каралып, алардын жүзөгө ашырылышы белгиленди. Алар - адамдын билим алууга болгон укугун камсыз кылуу, баланын укугун камсыз кылуу, адамдын ден-соолугун коргоого болгон укугун камсыз кылуу, адамдын социалдык укуктарын камсыз кылуу сыяктуу, өкмөт түздөн-түз аткарууга милдеттүү болгон маселелер болчу. Айрым байкоочулар мындай иш-чараларды жөн гана коомчулуктун көңүлүн алаксытуу деп баалашууда.

Жүзөгө ашырылчу иш-чаралардын бири катары Демократиялык кодекстин долбоорун иштеп чыгуу, аны жарандык коомдун катышуусу менен массалык маалымат каражаттарында талкуулоо жана Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II курултайынын кароосуна киргизүү маселеси да көргөзүлгөн. Анын аткарылышына жооптуу деп Демократиялык коопсуздук кеңеши, Кыргызстан элинин ассамблеясы жана жарандык коомдун өкүлдөрү аталган. Биздин сурамжылообузга караганда коомчулукта Демократиялык кодекс тууралуу бирдиктүү бир түшүнүк калыптана элек. Анын үстүнө мындай кодекстин Дүйнөдөгү кыргыздардын курултайынын кароосуна коюлушун да көпчүлүк түшүнө албай жатат. Анткени «чет элдик жарандар өлкөнүн ички маселесин талкуулоого жана маанилүү документтин кабыл алынышына тиешеси барбы» деген суроо жаралып, «эгер Демократиялык кодексти жактырып, анын аткарылышына милдеттенме алып кайтса, ага өзбек бийлиги же кытай коммунисттери кандай карашат» деген кооптонуу жаралбай койбойт. «Демократиялык кодексти кабыл алыш үчүн эң оболу кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери өз жарандарына уруксат берип, аларды курултайга жибереби» деген да маселе жаралышы мүмкүн. Айрым байкоочулар аны Оштогу жаш окумуштуулардын форумундагы окуя менен салыштырып жатканы да бекеринен эместир. Анткени Ошто 30га жакын өлкөнүн жаш окумуштуулары катышкан илимий форумда Аскар Акаевди 2010-жылга чейин жаңы мөөнөткө президент болуп берүүнү өтүнгөн кайрылуу кабыл алынганы жалпыга маалым. Бул маселенин бир жагы. Ал эми Демократиялык кодекс, анын иштелип чыгышы жана кабыл алынышы тууралуу биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго кайрылганыбызда ал өз оюн мындай туюндурду:

- Аксы окуясы жана башка чыр-чатактарга каршы чараларды иштеп чыгып, аны мамлекеттик бардык органдарга сунуштай турган ушундай бир коомдук кеңеш керек болуп атат. Мына буюрса августтун аягында мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгына жана эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы өткөнү турат. Ошол курултайдын кароосуна ушул Демократиялык кодекс киргизилмекчи.

Ушул эле маселе боюнча жарандык коом өкүлдөрүнүн көз карашы кандай? Ал тууралуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикири бир топ кызык.

- Эми бу демократия деген негизи табиятынан жандуу процесс да. Ошол жандуу процессти бир кагазга же болбосо жанагы «аксакалдар сотуна» окшоштуруп жатышат. Мурунку тоталитардык системанын инструменттерин унута албай жатат атат бул өкмөт. «Сен Демократиялык кодексти карабай туруп бирдемени жасап салдың» деп, бул орган экинчи соттун жүгүн алганы жатат да. Ошол эле белгилүү инсандар баягы Шераалы Назаркуловду «ачкачылыктан өлбөй эле тоюп алып өлгөн» деген бүтүм жасашкандай, туура эмес иш жасап атышат. «Булар оппозиционер», же болбосо « булар укук коргоочулар» деп, 20 чакты бийликке жаккан адамдарды чогултуп тагдырыбызды чечкени жатышат. Бул эң бир туура эмес нерсе. Кыргызстанды феодалдык системага алып баруучу нерсе.

Аталган кодекстин айланасында эл ичинде мына ушундай карама-каршы пикирлер айтылууда. Ал эми анын толук иштелип чыгышы жана анын Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II курултайынын кароосуна коюлушу тууралуу да коомчулукта бир кылка пикир жарала элек.
XS
SM
MD
LG