Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

ПЕНСИОНЕРЛЕР КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНӨ БИР НЕЧЕ ТАЛАПТАРДЫ КОЮШТУ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкек шаарындагы Кесиптик кошундар үйүндө өлкөнүн туш-тарабынан келген пенсионерлер вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен жолугушту. Пенсионерлер кыргыз өкмөтүнө бир нече талаптарды коюшту. Алардын орчундуулары - тез арада пенсияны көбөйтүү жана кош жарандуулукка жол ачуу. Бирок кыргыз өкмөтү карылардын бул талаптарына оң жооп айта алган жок.

- “Ушундай жашоодон көрө мени тирүүлөй көөмп салгыла” деп айтканы келдим, - дейт 67 жаштагы Карыбек карыя. – Билбейм, айлам түгөндү. Жашоого эч кандай шарт болбой калды. Кемпирим 300 сом, мен 700 сом алам. Ушул да акчабы, айланайындар. Колубузда кенедей эки неберебиз бар. Бутумдагы ботинкемди карагыла - кырк тешик. Бийликтегилер курсагын сылап отурат, мен болсо шибегедей болуп арыктап бүттүм.

Карыбек Бекбоев карыя бутундагы эскирген бут кийимин көрсөттү. Президенттин указына ылайык пенсия көбөйгөндөн кийин бул кишинин акчасы болгону 40 сомго көбөйгөн экен.

- 40 сом кошулуптур. Бул деген күлкү да. Чет мамлекеттерден кандай жумуш табылса да кетет элем. Ден-соолугум, каруумдагы күч жетет. Биякта эчтекем калган жок, баарын кардымы тойгузуш үчүн сатып бүттүм, - дейт Карыбек карыя.

Карыларды бир жарым саат күттүргөн вице-премьер-министр Курманбек Осмонов келээри менен пенсионерлер Кыргыз өкмөтүнө койгон талаптарын билдиришти. Биринчи кезекте алар пенсиянын өлчөмүн токтоосуз көбөйтүү керектигин айтып чыгышты. Вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жакында эле президент А. Акаевдин жарлыгы менен пенсия көбөйгөнүн, жакын арада дагы чоңойтууга мамлекеттин чамасы жоктугун айтып, «кыргыз өкмөтү жагдай-шарт жол ачып турса пенсияны көбөйтүүдөн өкмөт эч качан качпайт» деп карыларды жоошутту. Муну угуп отурган Темирбек Акматов «Азаттык» радиосуна датын айтып отурду:

- Менин пенсиям 1000 сом. Батир акысына 1300 сом төлөйм. Эптеп жан бакканга жылчык болсо деген аракет менен чуркап жүрөбүз. Ден-соолук да начарлады. Доктурлар болсо бизди көргөндө пенсионер келатат деп эшигин жаап алышат. Бизди көргөндө баары тең качып бекингенге шашышат.

Кыргызстандагы орус улутундагы карылардын атынан келген пенсионерлер Кыргызстандын жетекчилиги тез арада Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп, кош жарандуулук маселесин чечип беришин талап кылышты. Жыйынды уюштурган «Калкты социалдык жактан коргоо» коомдук бирикмесинин жетекчилигинин билдиргенине караганда, пенсионерлер Орусиядагы тууган-туушкандары менен катташып турганга жол ачуу кажет. 72 жаштагы Валентина Валитова Кыргызстандагы турмушун сүрөттөп, кош жарандуулуктун өз жашоосундагы зарылдыгын айтты.

- Мен адам эмес, итче жашап калдым. Ит да менден жакшы жашайт. Баламды сабап кетишип, ал да майып болуп калды. Балам бөтөлкө чогултат, ошону өткөрүп күн көрүп атабыз. Өкмөт кош жарандуулукка уруксат берип койсо Орусияга каттап ал жактагы туугандарымдан жардам алып турат элем. Азыр мен карызга белчемен баттым. Доочулар келип «өлтүрүп кетем» деп коркутуп атышат, - дейт Валентина Валитова.

Кош жарандуулукка Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын 13-беренесинин 2-пункту аркылуу тыюу салынган. Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маалында айрым депутаттар кош жарандуулукка жол ачуу маселесин көтөрүп чыгышкан. Бирок, ошондо эле мамлекеттик бийлик бутактарынын арасынан колдоо таппаган сыңары, вице-премьер-министр Курманбек Осмонов пенсионерлер сураган кош жарандуулук маселеси оң жагына чечилбестигин айтты. Анын айтымында, Орусиянын өкмөтү да буга эч качан макул болбойт.

- Орусия буга баары бир макул болбойт. Эки мамлекеттин жарандыгынын милдеттерин жана укуктарын алып жүрүш деле абдан оор. Карылардын кош жарандуулукту киргизүү тууралуу талабы аткарылбайт, - дейт вице-премьер-министр.

Курманбек мырза өзү да моюнга алып белгилегендей, карылар үчүн алдын-ала кынаптап жазып келген доклады окулбай калды. Пенсионерлер министрге курч суроолорду жаадырышты. «Кыргызстандын тышкы карызы 1,5 миллиард долларга чыгыптыр. Ошол акча кайда кеткен, айтыңыз» деп көгөрүштү. Ушул жерден К. Осмонов мырза мынча акча кайда кеткенин өзү да боолголой албастыгын, анын олчойгон бөлүгү таланып-уурдалып кеткендигин моюнга алды.

Нарындан келген Жанабил Абдурахманов деген карыя сөз сүйлөп, пенсияны эч убакта өз убагында бербеген жана көп учурда базардагыдан кымбат баадагы ун, шекер түрүндө тараткан Соцфондду сындады. Кагаз жүзүндө Соцфонд эгер пенсияны же жөлөк пулду 5 күндөн кечиктирсе, ар бир кармаган күнү үчүн 1,15% айып төлөшү керек. Абдурахманов аксакал Нарын шаардык сотунда Соцфонд менен 1 жыл 8 ай бою кантип соттошконун айтып берди.

- Пенсиясы менен жөлөк пулун кеч алган 58 адамдын арызы менен кайрылып, Нарын шаардык соту аркылуу мамлекеттен мыйзам чегинде айып төлөтүп бердим. Бир жыл сегиз ай бою убараланып жүрдүк. Сот бул арызыбызды да карагысы келбей, Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүп, ары-бери сүйрөп кыйнады, - дейт пенсионер Абдурахманов.

Пенсионерлер Бишкектеги «Бейиш» медициналык борборун жалаң кары-картаңдардын саламаттыгына кам көрчү мекеме кылып берүүнү да талап кылышты. Вице-премьердин белгилегенине караганда, кыргыз өкмөтү карылардын бул каалоосун турмушка ашырууга кудурети жетет. Ал эми темир жол аркылуу жүрүүнү да бир кыйла арзандатып берүү жөнүндөгү талап аткарылат деген үмүт калды. Пенсионерлерге темир жол каттамдарына отурганга жеңилдиктерди көбөйтүү тууралуу Транспорт министрлигине, Темир жол башкармалыгына дароо көрсөтмө берээрин айтканда кары-картаңдар кубанганынан Курманбек Осмоновдун урматына кол чаап жиберишти.

XS
SM
MD
LG