"Тамекини көзөмөлдөө боюнча Эл аралык конвенция" деп аталган документ дүйнө жүзүндө тамекини рекламалоо, жайылтуу, сатуу, өндүрүүнү ооздуктап, тартылган чылымдын калдыгын 2-ирет пайдаланууну таптакыр жоюуну көздөйт. Эл аралык конвенцияны Женевадагы саммитке чогулган 192 өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлери жактырышты. Эми келишим 40 өлкөдө ратификациялангандан тарта күчүнө кирет. Аталган конвенция - Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коомдук ден-соолукту чыңдоону көздөп-даярдаган алгачкы тарыхый эл аралык документ катары бааланууда.