Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Кыргызстандын Шайлоо кодекси өзгөртүлүшү мүмкүн


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө арналган «тегерек стол» жыйыны болду. «Интербилим» эл аралык борборунун демилгеси менен уюштурулган бул жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, юристтер, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери катышты. Алар талкуудан кийин «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү даярдап жаткан мыйзам долбоорун май айынын аягына чейин даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна коюш керек» деген бүтүмгө келишти. Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү дагы бир мыйзам долбоорун президенттик администрация менен Борбордук шайлоо комиссиясы түзгөн жумушчу топ да даярдап жатат.

XS
SM
MD
LG