Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

ИРАКТАН САНКЦИЯЛАР АЛЫНДЫ


Бейшемби күнү Бириккен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Ирактан эл аралык санкцияларды алып салды. Жаңы резолюцияны Кошмо Штаттары, Британия жана Испания биргелешип даярдашкан эле. Документтин коопсуздук кеңешинде бир добуштан кабыл алынгандыгын көптөгөн өлкөлөр кызуу кубатташты. Бул окуя дүйнөлүк рынокко да таасирин тийгизди: Лондон биржасында мунайдын наркы бир нече пунктка арзандады.

Документ бейшемби күнү эрте менен добушка коюлду. Анын жыйынтыгында, кеңешке ушу тушта төрагалык кылып жаткан Пакистандын элчиси Мунир Акрам ырастагандай, долбоорду колдоп 14 добуш берилди, каршы чыккан жана калыс калган эч ким болгон жок. Кеңештин бир мүчөсү – Сириянын өкүлү добуш берүүгө катышкан жок.

Жаңы резолюцияга ылайык, мындан он эки жылдай илгери Иракка каршы киргизилген санкциялардын баары алынат, бир гана аскерий эмбарго сакталып калат. Согуштан кийинки бул өлкөнү башкарганга азырынча коалицияга, атап айтканда, Кошмо Штаттары менен Британияга мандат берилди. Ошону менен бирге Бириккен Улуттар Уюму да Иракта өзүнүн атайын өкүлүн дайындаганга укук алды. ООНдун өкүлү америкалык убактылуу администрация менен бирге Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү ишине катышат. Мындан тышкары Ирак мунайынын соода-сатыгынан түшкөн кирешенин максаттуу жана майнаптуу сарпталышына эл аралык көзөмөл жүргүзүлөт. Резолюцияда ООНдун аскери инспекторлору үчүн да механизмдер аныкталды.

Жаңы резолюциянын кабыл алынышын ООНдун баш катчысы Кофи Ананн акыл-эстүү мунасанын натыйжасы катары баалап, документ эл аралык коомчулукка Ирактагы иш-аракеттерин мыйзамдуу негизде жүргүзгөнгө жол ачканын белгиледи. АКШнын ООНдогу элчиси Жон Негропонте болсо ирак эли эми өзүнүн табыйгый байлыктарынын үзүрүн көрө алат деген ишеничин билдирди. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишердин билдирүүсүндө санкциялардан арылган соң Иракта калктын жашоо-турмушун жакшыртканга жана саясий кырдаалды стабилдештиргенге реалдуу мүмкүндүк түзүлө тургандыгы белгиленди. Фишер айрыкча Иракты кайра тикелөө ишинде ООНдун негизги позициясы резолюцияда ырасталганын баса көрсөттү.

Россиялык саясатчылар да коопсуздук кеңешинин чечимин жалпысынан кубаттап комментариялашты. Мамлекеттик думанын орунбасар төрагасы Владимир Лукин америкалыктар Ирак проблемасын ООНдун жогорку инстанциясы аркылуу чечүүнү көздөй баштаганын негизги позитивдүү кадам деп баалады. Документтин чабал жери катары ал Ирактагы бүткүл саясий бийлик иш жүзүндө Вашингтондун контролдугуна берилгендигин белгилеп көрсөттү. Ошону менен бирге проблеманын гуманитардык өңүрү, анын ичинде Иракты кайра куруунун негизги жүгү эл аралык коомчулуктун мойнуна жүктөлдү, деп айтты Лукин. Кремлдин өкүлү Сергей Приходько документтин башка бир өңүтүнө басым жасады. Атап айтканда, жаңы резолюцияда Ирактагы иштердин дээрлик басымдуу көпчүлүгү америкалыктардын контролдугуна берилгени Россиянын бул өлкөдөгү перспективдүү таламдарына, айрыкча мунай тармагындагы кызыкчылыктарына кооп туудурбайт, деп айтты ал.

Коопсуздук кеңеши Ирактан экономикалык жана саясий санкцияларды алар замат Лондон биржасында кара майдын баасы 57 центке арзандады. Эксперттер ОПЕКтин өлкөлөрү эл аралык рынокко чыгарып жаткан мунайдын көлөмү бир топ эле жогору экенинин белгилеп, эми ирактын кара майын экспорттоо башталса, кырдаал ого бетер татаалдана тургандыгын айтып жатышат.

Ушул эле күнү Иракта коалициялык аскерлер Саддам Хусейндин Баас партиясынын дагы бир мартабалуу өкүлү колго түшкөндүгүн кабарлашты. Тактап айтканда, Кербала жана Нажиф шаарларынын мурдагы губернатору Азиз Сажих ал-Нуман кармалды. Америкалык аскери контингенттин жетекчилиги Баас партиясынын эсебинде турган бардык ирактыктарды командачылыктын жер-жерлердеги пункттарына чогулганга буйрук берди. Өткөн аптада убактылуу администрациянын башчысы Пол Бремер мурдагы башкаруучу Баас партиясы таркатылгандыгын, анын ишине тыюу салынгандыгын жарыялаган эле.

Айрым кабарларда Эл-Фаллужа шаарында жергиликтүү тургундар менен америкалык аскерлер ортосунда куралдуу кагылыш болгону айтылууда. Коалициялык тараптын айтымында, адегенде ким бирөөлөр америкалыктардын танктарын аткылаган. Атышууда эки киши набыт болду. Ал эми “Ал-Жазира” телеканалы америкалыктардын базасына жакын жерде төрт ирет бомба жарылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG